(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшеруу жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

17.09.2020

(Кыргызча)

2020-жылдын 16-сентябрында Конституциялык палата С.А. Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

 

Талашылып жаткан ченем юридикалык жактардын жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучуу  жарандардын сотко кайрылууда кийинкиге мамлекеттик алымды жылдыруу же созуп төлөө жөнүндө арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарат. Арыз ээсинин айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн маселе кандайдыр бир белгилер боюнча басмырлоонун талаптарын бузуп, сот тарабынан коргонуу укугун жана Конституциянын кепилдиги менен жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун чектейт.

 

Конституциялык палата өз чечиминде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесинин жобосу кызыктар адамдын төлөөгө кудуретсиздиги анын сот тарабынан корголуу укугун жүзөгө ашырууга эч кандай жолтоо болбошун талап кылат деп белгиледи. Ошентип, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүнүн артыкчылыгын аныктаган негизги мыйзам соттор тарабынан милдеттүү укуктук жөнгө салуу жолу менен эмес, ар бир конкреттүү иш боюнча бааланууга тийиш, тиешелүүлүгүнө жараша баалоо категориясындагы кызыктар адамдын мүлктүк абалын классификациялайт. Жогоруда айтылгандардан улам, сот акыйкаттыгын камсыз кылууга сарпталган мамлекеттик каражаттардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу катары, мамлекеттик алымды алуу максаты артыкчылыктуу боло албайт.

 

Мамлекеттик алымдарды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу, аны төлөөнү жылдыруу же созуп төлөп берүү планы жалпы конституциялык жана укуктук мүнөзгө ээ болгон укуктук каражаттар болуп саналат жана толугу менен соттук коргоого конституциялык укукту жүзөгө ашыруу маселеси жана анын ажырагыс бөлүгү - сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү менен байланыштуу.

 

Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин аныктамасынын негизинде ишкердик иш-аракетке тиешеси жок, бирок каралып жаткан укукка ээ жеке жана юридикалык жактардын катарына социалдык жактан корголбогон социалдык топтор гана эмес, ошондой эле чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана мүлктүк абалы мыкты Кыргыз Республикасынын жарандары кириши мүмкүн, ал эми ишкердик ишти жүзөгө ашыруу сөзсүз төлөө жөндөмүнүн кепилдиги боло албайт.

 

Ошентип, мамлекеттик алымды кийинкиге жылдыруу же  созуп төлөө жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу жактардын катарынан юридикалык жактарды жана ишкердик  ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгарган талашкан ченем, кызыктар жактардын процесстик укуктарына жол берилгис чектөөлөрдү жана мүлктүк абалдын айырмачылыктарын киргизет Ошону менен сот тарабынан корголуу укугун чектөөнүн жол берилбестиги, мыйзам жана сот алдында баарынын теңдиги, мүлктүк абалына байланыштуу басмырлоого тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген кепилдиктерди бузат (16-статьянын 2, 3-бөлүктөрү, 20-берененин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттары).

 

Бул иш боюнча судьялар Касымалиев М.Ш., Кыдырбаев К.Дж. жана Саалаев Ж.И. өзгөчө пикир менен калышты.