(Кыргызча) Административдик-процесстик кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

17.03.2021

(Кыргызча)

2021-жылдын 17-мартында Конституциялык палата К.Т. Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Административдик-процесстик кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун (андан ары- АПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде АПК бузулган укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү жана res judicata (биротоло чечилген иш) принцибин камсыз кылуу максатында күчүнө кирген соттук актыларды, анын ичинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгүн караштырат.

 

Жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүш – мыйзамдуу күчүнө кирген актылардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн бирден бир формасы. Бул институттун маңызы ишти кароодо сот тарабынан белгиленген жагдайларды жаңы ачылган жагдайларды эске алуу менен укуктук кайра баалоодо турат, алар иштин тыянагына олуттуу таасир тийгизе алат жана объективдүү чындыкты толук жүргүзүү каражат болуп кызмат кылат.

 

АПК туура эмес сот актыларын ушундай жол менен оңдоо мүмкүнчүлүгүн караштырганы менен, укуктук аныктык принцибин эске алуу менен мүмкүн болуучу чектерди көрсөтөт.

 

Талашылып жаткан ченемдин мазмунунан процесстин катышуучулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө алар арызды бергенде жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 171-беренесине ылайык чечим болуп саналган иштин маңызы боюнча чыгарылган сот актылары гана кайра каралышы мүмкүн.

 

Аны менен мыйзам чыгаруучу процесстик үнөм жана сот актыларынын укуктук аныктыгын, сот процесстеринин создуктурулушун жана ишти акылга сыяр мөөнөт ичинде кароо принцибинин бузулушун болтурбоо, ошондой эле соттук процесстин ниети таза эмес катышуучулары укуктарын кыянаттык менен колдонушуна жол бербөөнү көздөп, аралык сот актыларын (аныктамаларды) жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карала турган актылардын катарынан чыгарып салган.

 

Аралык сот актылары соттук териштирүүнүн ар кандай баскычтарынын чагылдырылышы болуп саналат жана жыйындысында жыйынтыктоочу чечимди кабыл алууга көмөк болот. Аралык сот актылары негизги талаптардын жалпы болгону менен укуктук табиятына жараша юридикалык кесепеттердин маанисинин жана күчүнө кирүүсүнүн даражасы боюнча олуттуу түрдө айырмаланып турат.

 

Бир катар учурларда аралык сот актылары чындап эле кошумча мүнөзгө ээ болот. Бирок башка учурларда алар ушул маанинин чегинен чыгып, өз алдынча баалуулукка ээ болуп, инсандын, коомдун, мамлекеттин өзгөчө маанилүү кызыкчылыктарын козгоп, иштин каралышына олуттуу таасир тийгизе алат. Мындай аралык сот актылары өзүнүн функционалдык багыттамасы боюнча тыянактоочу актылардын бардык белгилерине ээ жана соттук процесстин өнүгүшүнө да (мисалы, доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү), ага кескин чектөөчү таасир тийгизүүгө жөндөмдүү (өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу, эскирүү мөөнөтүн колдонуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу). Башка сөз менен айтканда, алар иштин чечилишинде олуттуу, айрым учурларда чечүүчү рол ойноп, процесстик укуктук мамилелердин алкагынан чыгуучу укуктук кесепеттерди жаратат, ошондуктан «катардагы» маселелер болуп саналбайт. Демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20 жана 40-беренелеринин мааниси боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын пайдубал кепилдиктерин камсыз кылуу максаттарына  таянсак, алар жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра каралып, иш маңызы боюнча каралып, акыркы чечим кабыл алынгандан кийин баскычка жылдырылышы мүмкүн болгон сот актылары катары каралбашы керек.  Мындай жагдайларда сот жыйынтыктоочу чечим кабыл алганга чейин жаңы ачылган жагдайлар боюнча иштин маңызы боюнча эмес чыгарылган жана мыйзамдуу күчүнө кирген аралык сот актыларын кайра кароонун мүмкүн эместиги (аралык актылар жаңы ачылган жагдайлар боюнча же жыйынтыктоочу соттун чечими менен бирге жаңы жагдайлар боюнча даттанылышы мүмкүн же кайра каралышы мүмкүн болгондо), соттук коргонууга конституциялык укуктуу чектөө болуп саналат, ал эми бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун императивдик талаптарына ылайык эч бир кандай гана жагдайлар болбосун жол берилгис.