(Кыргызча) Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун чечимин кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого 3 жылдык чектѳѳчү мѳѳнѳттү орноткон ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

27.06.2019

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2019-жылдын 26-июнунда Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жатакан ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1-бөлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды.

 

Конституциялык палата ѳз чечиминде административдик иштер боюнча соттук коргоону талаптагыдай камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу тарабынан тийиштүү процесстик аракеттерди жасоого процесстик мөөнөттөр орнотулган. Процесстик мөөнөттөрдүн мааниси алардын юридикалык факт катары кызмат кылышында турат, алардын натыйжасында процесстик укуктук мамилелер пайда болот, өзгөрөт жана токтойт. Андан тышкары, алар жалпы административдик сот өндүрүшүнүн (процесстин) динамикасын камсыз кылат жана административдик иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт деп белгиледи.

 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренеси кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз берүү үчүн, сот актысын кайра кароого кызмат кылган жагдайлар белгиленген күндөн тартып башталган мөөнөттү гана караштырбастан, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра кароо мүмкүнчүлүгүнө тыюу салуучу мөөнөттү да орноткон, анын өтүп кетиши мындай арыз берүү укугун жокко чыгарат.

 

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин талашылып жаткан беренесинин мазмунунан мыйзам чыгаруучу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтүн жөнгө салууда, арыз берүү үчүн үч айлык процесстик мөөнөттү да, талашылып жаткан соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирүү мөөнөтүнөн баштап эсептелген үч жылдык тыюу салуучу мөөнөттү да колдонуу менен мөөнөттүн эки түрүн айкалыштырганы көрүнүп турат.

 

Ошону менен бирге, арыздануучу кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу болгон максималдуу тыюу салуучу мөөнөт мыйзам чыгаруучу тарабынан кайтадан ачылган же жаңы жагдайлардын пайда болуу мүмкүндүгүн эске алуу менен орнотулушу керек. Мындай жагдайлардын пайда болуу мүмкүндүгү убакыт менен чектелген эмес, ал эми аталган жагдайлар изилденген эмес жана изилдениши мүмкүн эмес мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен сотко кайрылуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу бул адам үчүн соттук коргонуу укугунан ажыратууну билдирет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктунун талаптарына ылайык мындайга жол берилбейт.

 

Түпкү жыйынтыгы адилеттүү сот чечимин чыгаруу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоо, эгер колдонуудагы укуктук жѳнгѳ салуу чечим чыгарууда сот андан кѳз каранды эмес объективдүү себептер боюнча билбеген же билиши мүмкүн болбогон маанилүү жагдайлардын пайда болгондугуна байланыштуу сот актысын кайра кароо мүмкүндүгүнѳ жол бербесе, толук жана натыйжалуу болуп таанылышы мүмкүн эмес. Бул жагдайлар же чечимди кабыл алуу учурунда болгон эмес, же болсо да иштин материалдарынан кѳрүнбѳйт жана сот кадимкидей жагдайларда алар тууралуу билиши мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам чыгаруучуну мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот чечимин кайра кароонун укуктук механизмин караштырууга милдеттендирет (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 3-пункту).

 

Мындай укуктук ыкмалардын бири болуп сот актыларын кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгү болуп саналат. Каралып жаткан институт субъективдүү укуктарды коргоо механизминин процесстик элементи болуп эсептелет, ал соттук каталарды жоюу менен бирге иш боюнча акыйкатты орнотууга, бузулган укукту калыбына келтирүүгѳ жол берет. Ѳзүнүн укуктук табиятына жараша кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери негиздер эле эмес, иш боюнча ѳндүрүштү жаңылантуу үчүн себеп болуп эсептелет, аларды табуу же алардын пайда болушу сот актысын кайра кароо зарылдыгына алып келет.

 

Ошону менен бирге, мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актыларынын акыркы болуусун четтетүүнүн мындай мүмкүндүгү ѳзүнүн мүнѳзү боюнча ѳзгѳчѳ болуп, соттун чечимдеринин мыйзамдуу күчүн, алардын тѳгүндѳлбѳстүгүн таануу менен камсыздалган укуктук аныктыктын талаптарына жооп бере турган мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актыларын кайра кароонун ушундай жол-жоболорун жана шарттарын орнотууну талап кылат.

 

Ошол эле убакытта, соттук коргоого болгон укукту жүзѳгѳ ашыруу жолу аркылуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо зарылдыгы бир жагынан сот актыларынын преюдициалдуулугу, экинчи жагынан бузулган укуктарды жана эркиндиктерди коргоо максатында күмөндүү сот актыларын кайра кароо зарылдыгынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоону шарттайт. Мындай тең салмактуулук преюдициалдуулуктун жайылтылышынын чектерин жана аны төгүндөө тартибин орнотуу аркылуу камсыздалат.

 

Сот актыларынын преюдициалдуулугунун жайылтылышынын чектери ѳзгѳчѳ мүнѳзгѳ ээ болгон ыкмалардын бири катары ишти кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо мүмкүндүгүн болжойт, анткени конкреттүү учурда укуктук аныктыкты орнотууга кѳмѳк кылган иштин маанилүү жана тѳгүндѳлбѳс жагдайларын аныктоого багытталган.

 

Укуктук аныктык жана сот актыларынын акыркы болуу принциби, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги приоритети - адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого шек келтирбегенде гана чоң мааниге ээ.

 

Ушуга байланыштуу, Административдик-процесстик кодекстин 271-беренесинин мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун чечимин кайтадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого 3 жылдык чектѳѳчү мѳѳнѳттү орноткон ченемдик жобосу соттук коргонуу жана жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укуктарын чектѳѳчү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүчү болуп таанылды.