(Кыргызча) «Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2016-жылдын 28-декабрындагы мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун «б» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

29.06.2017

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2017-жылдын 28-июнунда «Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун «б» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты да, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2, 3-бѳлүктөрүнѳ жана 42-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечимин кийинкидей тыянактар менен негиздеди.

 

Жарандарга өзүнүн мүлкүн ар кандай экономикалык ишмердикке эркин пайдалануу укугун берүү менен мындай ишмердик мыйзам менен тыюу салынбаган учурда гана берилиши мүмкүн деп Конституция белгилейт. Тактап айтканда, жарандардын мүлктү экономикалык максаттарда пайдаланууга болгон конституциялык укугу улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында мыйзам чыгаруучу тарабынан зарыл болгон өлчөмдө чектелиши мүмкүн (Конституциянын 20-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү).

 

Көп квартиралуу үйдөгү квартиралардын турак жай катары укуктук табияты жана касиети тек гана жарандардын жашоосу үчүн пайдалануусунда турат. Мыйзам чыгаруучу турак жай мыйзамдарынын принциптерин жетекчиликке алып, көп квартиралуу үйлөрдүн турак жай башпааналарында мейманканаларды жайгаштырууга, ошондой эле аларды жашоодон тышкаркы башка ар кандай максаттарда пайдаланууга тыюу салган (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 3-беренеси, 4-беренесинин 3-бөлүгү).

 

Бирок, көп квартиралуу үйлөрдүн турак жай башпааналарында мейманканаларды жайгаштырууга мыйзамдардагы тыюу салынганына карабастан, Кыргыз Республикасында бул тартипти жарандар сактабай келген, натыйжада бул көптөгөн жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулуусуна алып келген. Демек, турак жай мыйзамдарынын ченемдик көрсөтмөлөрүн бузуу үчүн административдик жоопкерчиликтин орнотулушу мыйзам чыгаруучу тарабынан ченем жаратуучу ишмерликтин ырааттуу уландысы болуп саналат.

 

Ошентип, көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу үчүн административдик айып салууну белгилөөчү талашылып жаткан ченем адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы чектөө конституциялык максаттарга өлчөмдөш болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карам-каршы келет деп каралышы мүмкүн эмес.

 

 

Төрагалык кылуучу                          Мамыров Эркинбек Тобокелович

 

Судья-баяндамачы                               Касымалиев Мукамбет Шадыканович