(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндегие № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

23.03.2021

(Кыргызча)

2021-жылдын 3-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Талашылып жаткан ченемдер Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн саясий партияларды каттоодо шайлоо күрөөсүн киргизүү жөнүндө, ошондой эле депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө ар бир область, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча шайлоочулардын 0,7 % добушунун региондук чегинен өтүү жөнүндө талаптарды орнотот.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосун өткөрүү тартибин белгилөө, ал шайлоо процесстерин иретке келтирүү боюнча тийиштүү укуктуу механизмдерди түзүүгө, анын ичинде шайланма кызмат орундарына өзүн койгон талапкерлерге белгилүү талаптарды, алардын бири шайлоочулук күрөөнү орнотууга ыйгарым укуктуулук мыйзам чыгаруучунун эркине таандык деп белгилеген. Шайлоочулук күрөө, бир жагынан,  талапкер болом деген жарандын ниетине таасир тийгизет, экинчи жагынан, шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ болбогон жана өзүнүн статусун демократиялык шайлоолордун беделине шек келтирүүчү жеке кызыкчылыктарында пайдалануучу адамдардын шайлоодо катышуусун алдын алуу функциясын аткарат. Башка сөз менен айтканда, шайлоочулук күрөө кайтаруучулук таасиринин кеңири алкактуу каражат катары мыйзам чыгаруучу тарабынан пайдаланылат жана укук ченемдүү максатка кызмат кылат.

 

Ошол эле учурда, мыйзам чыгаруучу шайлоочулук күрөөнүн өлчөмүн орнотууда жарандардын шайланууга конституциялык укугунун маңызын тарытууга жөндөмдүү чечимдерге жол берүүгө жана эркин, демократиялык шайлоолорго жол жабууга укуктуу эмес. Шайлоочулук күрөөнүн өлчөмү өзүнүн негизги касиетин аткарып, өзгөчө негизделүү жана өлкөнүн калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө өлчөмдөш болуу керек. Болбосо, шайлоочулук күрөөнүн өтө  жогору өлчөмү саясий таасир этүү каражатына жана тек гана колунда бар талапкерлердин пайдасына саясий мамилелердин түзүлүшүнө алып келип, ошону менен катар, жеткиликтүү финансылык ресурстары болбостон олуттуу саясий салмагы болгон талапкерлер үчүн түйшүктүү болуп калмак.

 

Шайлоочулук күрөөнүн өтө  жогору өлчөмүн орнотуу ага талап кылуу статусун жоготууга алып келет да, конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмсүз чектөөгө айлантат, аны менен шайлоолордун эркин жеткиликтүүлүгүнө тоскоол кылуучу дискриминациялык мүнөзгө ээ болот, ал андан ары саясий коррупциянын өсүшүнө жана саясий күчтөрдүн жасалма жол менен өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө алып келет.

 

Конституциялык палата финансы-экономикалык жана башка негиздемелер жөнүндө маалыматтын болбогонуна карабастан 5 000 000 сомго барабар шайлоочулук күрөөнүн өлчөмү ашыкча  болуп саналат жана орундуулук менен акылга сыйымдуулук принциптерине жооп бербейт, демек, Конституцияга карама-каршы келет.

 

Ошол эле учурда, шайлоочулук күрөөнүн орундуу өлчөмүн аныктоого жол берген методологиянын жоктугунан улам, ошондой эле арыздануучулар тарабынан 1 000 000 сомго барабар шайлоочулук күрөө ашыкча болуп саналат деген так жана акыл-эстүү далилдер келтирилбегендиктен, Конституциялык палата колдонуудагы шайлоочулук күрөөнү Конституцияга карама-каршы келет деп кабыл алуудан карманды. Бирок, ошол эле учурда мыйзам чыгаруучу коомдук мүнөзгө ээ болгон күрөөнүн касиети менен ар бир жаранга эркин демократиялык шайлоолордо бийлик органдарына шайлануу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө конституциялык талап ортосунда балансты бузбастан экономикалык негиздүүлүк көз карашынан шайлоочулук күрөөнүн колдонуудагы өлчөмүн кайталап баалоосун өткөрүү зарылдыгы жөнүндө белгилеген.

 

Ал эми 0,7 пайыз региондук чектен өтүү туурасында, Конституциялык палата мындай механизмди колдонуу - бул саясий партиялар тарабынан коомдук функцияны аткарууда коомдун олуттуу бөлүгүнүн гана кызыкчылыктарын чагылдырбастан, болбоду дегенде, ишмердиги коомдун дестабилизациясына жана бөлүнүп жарылуусуна алып келүүчү «өзүмчүл» (анын ичинде экстремисттик мүнөздөгү) партиялардын жана топтордун мыйзам чыгаруунун жогорку органына келүүсүн болтурбоо үчүн ар бир региондон чакан электораттын колдоосуна жөндөмдүү болуу керек деп белгилеген. Ошон үчүн бул ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп кабыл алынган.