(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

05.07.2017

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2017-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 60-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунун конституциялуулугун текшерди, ага ылайык шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары өтүүгө тийиштүү эмес.

 

Бул ишти кароонун жыйынтыгы боюнча талашылып жаткан ченемди шектүүнү, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарынын көрсөтмө берүү ниети болгон учурда аларды суракка алууга жол бербеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Конституциялык палатанын чечиминде өзүнө же жакын туугандарына, башкача айтканда күбөнүн иммунитети бар адамдарга каршы көрсөтмө ыктыярдуулук жана диспозитивдик принциптердин сакталышы менен гана берилиши мүмкүн деп белгиленген.

 

Көрсөтүлгөн ченемди жүзөгө ашырууда жазык-процесстик мыйзамдар менен өзүнө же ата-энеси, күйөөсү (аялы), балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, бир атадан жана бир энеден тараган жана атасы же энеси бөлөк болгон ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, таята, таене, неберелердин катарына кирген жакын туугандарына каршы күбө катары өтүүгө кандайдыр бир мажбурлоого тыюу салынган укуктук кепилдик болуп каралышы керек. Жарандарды жеке өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө катары өтүү милдетинен бошотуп, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 5-бөлүгүнөн ылайык адамды өзүнө жана жакын туугандарына зыян келтирүүгө мажбурлоонун мүмкүн эместиги жөнүндө адеп түшүнүктөрүнө ылайык юридикалык көрсөтмөлөрдү орноткон.

 

Шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандарын күбө катары суракка алууга салынган тыюу, алар тигил же бул маалыматты жарыкка чыгарууга кызыкдар болгон учурда алардын тиешелүү көрсөтмө берүү укугу чектелбеши керек. Шектүүнүн, айыпкердин жана соттолуучунун жакын туугандарынын ыктыярдуу күбөлүк көрсөтмөлөрүн пайдалануунун зарылдыгы айыптоо жана коргоо тараптарына бирдей укуктарды ыйгаруу жолу менен атаандаштык жана тең укуктуулук принциптерин жүзөгө ашыруу курамынын бири болуп саналат.

 

Ошентип, шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары иш боюнча белгилүү жагдайлар тууралуу көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбашы керек.

 

 

Төрагалык кылуучу                 Мамыров Эркинбек Тобокелович

 

Судья-баяндамачы                     Нарынбекова Айсалкын Омуралиевна