(Кыргызча) «Тышкы миграция жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бѳлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

30.05.2018

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 30-майында «Тышкы миграция жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бѳлүгүнүн 8-пунктун конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ ишти карап чыкты.

Талашылып жаткан ченем арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунан убактылуу баш тартылат деп караштырган. Конституциялык палата бул ченемди конституциялуу эмес деп тааныды.

 

 

Конституциялык палата ѳз чечимин тѳмѳнкү жыйынтыктар менен негиздеди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу.

Ѳлкѳнүн чегинен тышкары эркин чыгуу укугу адамдын индивидуалдуу эркиндигинин эң маанилүү кѳрүнүштѳрүнүн бири жана башка укуктар менен эркиндиктерди толук кандуу жүзѳгѳ ашырууга ѳбѳлгѳ болот. Башкача айтканда, ѳлкѳнүн чегинен тышкары эркин чыгуу мүмкүнчүлүгү адамдын толук кандуу жашоосунун жана мамлекет тарабынан инсандын кадыр баркын таануунун негизинде турат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктеринин жогорулатылган деңгээлин караштырып жатып, аларды чектѳѳ мүмкүнчүлүгүнѳ жол берет, бирок, анда аныкталган максаттарга зарыл болгон кѳлѳмдѳ жана мыйзам менен бекитилген тартипте гана.

Жогоруда аталган конституциялык орнотмонун маңызы адамдын укуктары жана эркиндиктерине негизсиз таасир этүүгѳ жол бербѳѳ жана мүмкүн боло турган чектѳѳлѳрдүн ѳзгѳчѳлүгүндѳ турат. Башкача айтканда, биринчиден, чектѳѳлѳр негиздерди жана колдонуу тартибин мыйзам менен бекитүү жолу аркылуу орнотулушу керек, экинчиден, конституциялык маанилүү максаттарга ѳлчѳмдѳш болушу керек жана, үчүнчүдѳн, укуктук жѳнгѳ салуунун кээ бир маселелерин башка укуктук каражаттар менен чечүү мүмкүн болбой калган шарттарда кабыл алынышы керек.

Демек, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгуу укугун чектѳѳ укуктук режими мамлекеттик жана коомдук жашоонун тиешелүү сфераларындагы инсандын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансына жетүү зарылдыгын эске алуу менен киргизилиши мүмкүн.

 

Талашылып жаткан ченемдин максаты жарандык иштердин туура жана ѳз убагында каралуусун жана чечилишин, сот процессинин катышуучуларынын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктѳрүн камсыз кылууда камтылат. Бул максаттарга жетүү үчүн жарандык процесстик мыйзамдар менен ошондой эле, доону жана ар кимдин соттук коргонуу укугун камсыз кылууга багытталган башка укуктук механизмдер да караштырылган. Жекече, мыйзам чыгаруучу ѳкүлчүлүк институтун; жоопкерге таандык болгон мүлккө, акча каражаттарына доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде камак салуу мүмкүнчүлүгүн; талаптагыдай кабардар кылынган жактардын бирөөсүнүн катышуусу жок ишти кароону; сырттан жүргүзүлгѳн сот ѳндүрүшүнѳ жол берүүнү караштырган (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 57, 144, 169, 234-беренелери).

Мындай шарттарда ушул чектѳѳнү киргизүү негиздүү жана зарыл болуп эсептелбейт жана адамдын менен жарандын субъективдүү укуктарын чектѳѳнүн себеби боло албайт.