(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 аныктамасына Мухтар Абдуллаевич Шариповдун, Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамасына Мелис уулу Дастандын кызыкчылыктарын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун даттанууларын кароо жөнүндө пресс-релиз

23.04.2018

(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 14-декабрында М.А. Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкуловдун өңчөй өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегияларынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамалары менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде өтүнүчтөрдү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.

 

М.А. Шарипов жана Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкулов судьялар коллегияларынын көрсөтүлгөн аныктамалары менен макул болбостон 2018-жылдын 16-мартында Конституциялык палатага даттануулар менен кайрылган. Даттанууларда жогоруда көрсөтүлгөн аныктамалардын негиздемеси жок экендиги туурасында окшош жүйөлөр жана аргументтер келтирилүүдө.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 23-апрелинде даттанууларды карап чыгып, аларды канааттандыруусуз калтырган.

 

Конституциялык палата өзүнүн токтомунда арыздануучулардын кайрылууларындагы талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугу жөнүндө койгон маселеси Конституциянын ченемдерин да, өздөрү көрсөткөн мыйзамдардын жоболорун да туура эмес түшүнүүнүн кесепети болуп саналарын белгилеп кеткен.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге квалификациялуу юридикалык жардам алууга кепилдик берет. Мыйзамдарда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт (40-беренесинин 3-бөлүгү).

 

Жазык-процесстик кодексинин 45-беренесинин 3-бөлүгү мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жактоочу менен камсыз кылууну карайт. Бул ченем «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамда деталдуу регламенттелген, ага ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт (6, 22-статьялар). Мыйзам чыгаруучу мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алуу жөнүндө конституциялык жобону ишке ашырууда мындай жардам көрсөтүүнү адвокатка жүктөгөн.

 

Ошентип, Кыргыз Республикасы мыйзамдары тарабынан мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө конституциялык кепилдиктер жүзөгө ашырылган. Ага ылайык, Конституциялык палата судьялар коллегияларынын аныктамаларын жокко чыгаруу жана арыздануучулардын даттанууларын канааттандыруу үчүн негиздемелерди тапкан жок.