(Кыргызча) В.К. Керимовдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Э.Ш. Чортонованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-мартындагы аныктамасына даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

20.06.2019

(Кыргызча)

2019-жылдын 7-февралында Конституциялык палатага В.К. Керимовдун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде кайрылуу мазмуну боюнча белгиленген конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген учурларда коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.

 

В.К. Керимовдун кайрылуусунун мазмуну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин маңызын, анын жайылтылуусунун субъекттеринин чөйрөсү боюнча, бир мааниде түшүнбөөдөн келип чыккан укук колдонуу тажрыйба чөйрөсүндөгү көйгөйлөр гана күбөлөндүргөндүктөн, судъялар коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзамдын ченемдерине шилтеме жасап, 2019-жылдын 19-мартында № 10 аныктамасы менен аны өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.

 

В.К. Керимов жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2019-жылдын 16-майында Конституциялык палатага даттануу менен кайрылып, анысы ушул жылдын 20-июнунда каралган.

 

Конституциялык палата ѳз токтомунда Э.Ш. Чортонованын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эместиги жѳнүндѳ даттануусунда арыздануучунун жүйѳлѳрү жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан аталган ченемди саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга карата жеке эмгек талаштарын чечүүдѳ туура эмес колдонуу кѳйгѳйлѳрү менен аргументтештирилген деп белгиледи. Жалпысынан кайрылуу субъектинин жүйѳлѳрү жалпы юрисдикциядагы соттор саясий мамлекеттик кызмат жана саясий муниципалдык кызмат түшүнүктѳрүн ажырата биле албайт деген билдирүүгѳ негизделген.

 

Конституциялык палата, судьялар коллегиясы Э.Ш. Чортонова ѳз ѳтүнүчүндѳ койгон маселелер Конституциялык палатанын кароо предмети боло албайт, анткени ал жаңы жүйѳлѳрдү келтирген эмес, ал эми даттанууда коюлган маселелер укук колдонуу тажрыйбасына таандык, ошону үчүн ал конституциялык сот ѳндүрүш алкагында кароонун предмети боло албайт деген тыянакка негиздүү келген.

 

Мында, Конституциялык палата арыздануучу тарабынан белгиленген кѳйгѳй укук ченемин аналогия боюнча колдонуу маселелерине таандык, ал аны колдонуунун так эрежелерин, шарттарын жана чектерин талап кылат деп белгиледи. Укуктун аналогиясы укуктук жѳнгѳ салуудагы кенемтелерди жоюунун натыйжалуу каражаты болуп туруп, ошол эле убакытта жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектѳѳ менен байланышкан укук колдонууда пайдаланылбайт.