(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы аныктамасына Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында В.Р. Федоровдун даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

29.01.2018

(Кыргызча)

2017-жылдын 8-ноябрында Конституциялык палатага Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында В.Р. Федоровдун Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 221-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 15-декабрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.

 

Д. Мамасалиевдин кызыкчылыгында В.Р. Федоров жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон 2017-жылдын 20-декабрында Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 29-январында даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

Конституциялык палата өзүнүн токтомунда судьялар колегиясы көрсөткөндөй эле, келтирилген зыянды жана ар кайсы учурдагы анын олуттуулугунун деңгээлин аныктоо конкреттүү иштин жагдайларын эсепке алып жалпы юрисдикциядагы соттор аныктайт деп белгилейт. «Оор кесепттер» деген термин баалоо категорияларына таандык жана ар бир конкреттүү учурда белгиленүүгө тийиш. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 221-беренесинин конституциялуулугу тууралуу суроону коюу арыз берүүчүнүн “оор кесепеттер” деген түшүнүктүн кеңейтилген аныктамасы жок деген оюунун негизинде бул маселенин укуктук жөнгө салынганы күмөндүүлүктүн жаралышына алып келбейт.

 

Соттук чечимдердин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун текшерүү, асыресе, арыз берүүчүнүн ишинде нагыз жагдайларын аныктоого жана изилдөөгө байланышкан конкреттүү иште колдонула турган ченемдердин туура тандалуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарымдуу укуктарына кирбейт («Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-, 18-беренелери).