(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы аныктамасына жарандар Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз

03.10.2017

(Кыргызча)

2017-жылдын 17-майында Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 630-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарына, 40-беренесинин 1, 2 – бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 23-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 2-октябрында Р.Р. Карасартованын жана У. Омуркул уулунун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы №36 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс ар кимдин соттук коргонууга конституциялык кепилдигин жана соттук актыларды жогору турган сот тарабынан кайра каратуу укугун ишке ашырган керектүү укуктук механизмдерди камтыганын белгилейт. Кайрылуучулардын жүйөлөрү жана аталган Кодекстин ченемдеринин анализи укукту колдонуу тажрыйбасына тиешелүү болгон көйгөйлөр туурауу гана кабар берет жана талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү ырастаган укуктук аргументтер катары каралышы мүмкүн эмес.