(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы аныктамасына жаран А.М. Байзаковдун даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз

26.09.2017

(Кыргызча)

2017-жылдын 24-майында «экстремисттик материалдарды сактоо» деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жаран А.М. Байзаковдун өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 29-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 26-сентябрында А.М. Байзаковдун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы №38 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата ченемдик укуктук актылардын презумпциясынын күчүнө карай ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугу тууралуу маселе алардын конституциялуулугунда күмөндүүлүктү туудурган ынанымдуу жүйөлөр болгондо гана коюлушу мүмкүн экендигин белгилеген.