(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 13-июлундагы № 31 аныктамасына Уралбек Сабыркулович Момункуловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Мунарбек Абдукадырович Супатаевдин даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

27.11.2018

(Кыргызча)

2018-жылдын 26-июнунда У.С. Момункуловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн М.А. Супатаевдин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктѳрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1 жана 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункттуна ылайык, эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.

 

Аталган Мыйзамдын кѳрсѳтүлгѳн пункттунун негизинде судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 13-июлундагы № 31 аныктамасы менен ѳтүнүчтү ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартылган.

 

Белгиленген аныктама менен макул болбостон, М.А. Супатаев 2018-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 27-ноябрында даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырды.

 

Конституциялык палата ѳз токтомунда конституциялык сот ѳндүрүшүнүн алкагында соттук коргоого болгон укуктун маңызы болуп, эгерде талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде укуктук күмѳндүүлүктүн болуусун күбѳлѳндүргѳн негиздер болсо, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо эсептелет деп белгиледи.

 

Ѳз кезегинде, аталган укукту жүзѳгѳ ашыруунун процесстик тартиби «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзам (20, 24, 25 жана 28-беренелер) менен регламенттелген, анын алкагында арыздануучунун кайрылуусу каралып чыгып, судьялар коллегиясынын тиешелүү аныктамасы кабыл алынган.

 

Арыздануучу судьялар коллегиясынын аныктамасына даттанып жатып, ѳз даттануусунда судьялар коллегисынын тыянактары менен шартталган жана аны жокко чыгарууга багытталган аргументтерди келтирген эмес.

 

Конституция менен кепилденген адамдын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушун кѳрсѳтпѳстѳн, арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 11-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктѳрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1 жана 5-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деген пикиринин негизинде алардын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ маселени коюу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугун жаратпайт.

 

Демек, судьялар коллегиясынын У.С. Момункуловдун кызыкчылыгындагы М.А. Супатаевдин кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ 2018-жылдын 13-июлундагы № 31 аныктамасы негиздүү болуп саналат.

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.