(Кыргызча) Конституциялык палатанын ишмердиги туурасында Жогорку Кеңештин депутаты И.А. Масалиевдин билдирүүсү боюнча пресс-релиз

12.02.2019

(Кыргызча)

Акипрессте «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин отурумунда кароодо Жогорку Кеңештин депутаты И.А. Масалиевдин айткандары жарыяланган, анда Конституциялык палатанын чечими туура эмес чыккан деп ага төмөнкүдөй баа берилүүдө: конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашырган орган мыйзам чыгаруу органына жана Өкмөткө тапшырма берүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы жөнүндө; көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кабыл алганга чейин Конституциялык палатанын ишмердигин текшерүү зарылдыгы жөнүндө.

 

Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата Конституцияга ылайык Конституциялык палата гана соттук конституциялык контролдоону жүзөгө ашырууга жана мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актыларды Конституцияга карама-каршы келет деп таанууга ыйгарым укуктуу экендигин белгилейт. Эч бир башка мамлекеттик орган же башка кызмат адамы, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты айрым мыйзамдын (ченемдик укуктук актынын) конституциялуулугуна баа берүүгө ыйгарым укуктуу эмес. Мыйзамдын, ченемдик укуктун актынын Конституцияга ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүк пайда болгон учурда, алар Конституциялык палатага кайрылууга укуктуу, анын чечимдери акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт (Конституциянын 97-беренесинин 8-бөлүгү). Конституциянын 100-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш деп так белгилейт.

 

Ушуга байланыштуу, депутаттын мындай билдирүүлөрү Конституциялык палатанын чечимдерине гана эмес, Конституциянын өзүнүн ченемдерине шек келтирүүгө аракет болуп саналат.

 

Андан тышкары, Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшүндө жоопкер тарап катары ченемдик укуктук актыны чыгарган орган чакырыларына көңүл бурат («КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту). Мыйзам Конституцияга карама-каршы келет деп Конституциялык палатанын чечими менен таанылган учурда, бул мыйзамды чыгарган орган катары Жогорку Кеңеш өзү аны Конституцияга жана Конституциялык палатанын чечимине ылайык келтирүүгө милдеттүү. Мындай талаптар «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 51 жана 52-беренелеринен келип чыгат.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдагы акыркы өзгөртүүлөрдөн улам Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу бөлүгүндө мындай тапшырмалар Өкмөткө гана берилет, анткени ал Конституциялык палатанын чечимдерин аткарууда тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү боюнча жооптуу орган катары аныкталган («КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 52-беренеси). Бирок Мыйзам депутаттарга да Конституциялык палатанын чечимдеринен келип чыккан мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугун берүүдө, депутат И.А. Масалиев ал укуктан пайдаланган, бирок ал долбоор Конституциялык палатанын чечимине канчалык деңгээлде ылайык келүүсү туурасындагы маселени туудурган.

 

Конституциялык палата Өкмөткө чечимдеринин аткарылышы жөнүндө тапшырма берүүдө өзүнүн ыйгарым укуктар алкагынан чыкпайт да, Конституциянын жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын алкагында гана иштейт.

 

Ошондой эле депутаттын кийинки маселе да көңүлүн бурууга туура келүүдө, Конституция Жогорку Кеңешке, анын комитеттерине же депутаттарына Конституциялык палатанын ишмердигине жана чыгарган актыларына текшерүүнү ишке ашыруу укугун бербейт, жана бул сыяктуу билдирүүлөр бийликтин сот бутагынын көз карандысыздык принцибине шайкеш келбегенин да белгилей кетүү зарыл.

 

Баяндалгандан улам, айрым депутаттар өлкөбүздүн Баш мыйзамынын мазмуну менен тааныш эмес же конституциялык сот адилеттигин жүзөгө ашырган органдын беделин түшүрүүгө аракет кылып, билип туруп эле коомчулукту адаштырууда.