(Кыргызча) Президент Конституциялык палатанын төрагасына Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөсүн тапшырды

27.01.2017

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн салтанаттуу азем учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө  Жарлыкка кол койду.

 

Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин спикери, Премьер-министр, КР Жогорку сотунун төрайымы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери болушкан Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери, Жогорку Кенештин вице-спикерлери, комитеттердин төрагалары, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, КР Башкы прокурору, КР Эсептөө палатасынын төрагасы, КР вице-премьер-министрлери катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековго, өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.