(Кыргызча) «Ала-Тоо» эл аралык университетинин студенттери Конституциялык палатанын ачык сот отурумуна катышышты

20.11.2019

(Кыргызча)

2019-жылдын 20-ноябрында «Ала-Тоо» эл аралык университетинин юридикалык программасынын экинчи курсунун студенттери «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 17-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3, 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сот териштирүүсүнө угуучулар катарында ачык сот отурумуна катышышты.

 

Студенттер сот отурумуна катышуусу менен конституциялык сот адилеттигинин теориясы боюнча сабактардан алган билимдерин Конституциялык палатанын тажрыйбасы менен салыштырып бекитүүгө мүмкүнчүлүк алышышты.

 

Ушул өңдүү иш-чаралар Конституциялык палата жана «Ала-Тоо» эл аралык университетинин ортосунда түзүлгөн Меморандумга ылайык өткөрүлүүдө.