(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери Баткен областында жабыр тарткандарга колдоо иретинде бир күндүк эмгек акысын которушту

04.05.2021

(Кыргызча)

«Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасындагы окуянын натыйжасында каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.

 

Баардык жарадар болгондор тезирээк сакайып кетишин тилейбиз.Биз каза тапкандардын туугандарынын жана жакындарынын азап-кайгысын тең бөлүшүп, аларга орду толгус жоготууга туруштук берүү үчүн чыдамкайлык менен туруктуулук  каалайбыз.

 

Конституциялык палатанын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери Баткен областында жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү  үчүн өзүлөрүнүн бир күндүк эмгек маянасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын эсебине которушту».

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Төрагасы К.А. Дуйшеев