(Кыргызча) Конституциялык палата жактоочулар, ченем жаратуучу органдардын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрдү

15.07.2016

(Кыргызча)

Үстүбүздөгү жылы 13-15-июлда Ыссык-Көлдүн жээгинде КР ЖС Конституциялык палата жактоочулар, ченем жаратуучу органдардын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрдү.

Жайкы мектеп катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ, конституциялык сот өндүрүшүнө кайрылуу берүү жана катышуу тартиби тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу үчүн өткөрүлдү. 

 

Иш чаранын катышуучуларынын алдында Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери чыгып сөз сүйлөшүп, Кыргызстандагы Конституциялык сот адилеттигинин пайда болуусунун тарыхы жѳнүндѳ, Конституциялык палатанын иши жана конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө, Конституциялык палата чечим кабыл алуу учурунда колдонгон укуктук принциптери тууралуу, ошондой эле Конституциялык палатанын актылары жана алардын аткарылышы жѳнүндѳ айтып беришти.

 

Мектептин практикалык бөлүгүнүн убагында катышуучулар Конституциялык палатага кайрылууга даярдануу билимин алышып, конституциялык сот өндүрүшүнө жеткиликтүү болуу менен Конституциялык палатага кайрылуу учурунда кеңири жайылган жаңылыштыктарды эске алууну үйрөнө алышты. 

 

Белгилей кетүү керек, июнда Конституциялык палатажурналисттер, юристтер, ӨЭУ өкүлдөрү, илимий чөйрөлөр жана жождор үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрүшкөн.