(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялары ЮНСИТРАЛдын саммите катышты

25.11.2019

(Кыргызча)

Учурдагы жылдын 4-5-ноябрында Конституциялык палатанын төрагасынын биринчи орун басары Э.Осконбаев жана судья Ч.Айдарбекова Кытайдын атайын административдик аймагында (Гонконг) өткөн Эл аралык соода укугу боюнча БУУ Комиссиясынын 3-Азия-Тынч деңиз сотунун саммитинин (UNCITRAL) ишине катышып келишти.

 

Бул иш-чара UNCITRAL каражаттарынын жана башка эл аралык документтердин чечмеленишине жана колдонулушуна өзгөчө көңүл буруу менен АзияөТынч деңиз регионунда эл аралык сооданы кеңейтүүнү улантуу жана сот органдарынын дареметин өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн.

 

Саммиттин ишине конституциялык соттордун жана жалпы соттордун судьялары, окумуштуу юристтер, ошондой эле бизнес коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.