(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьясы А.О. Нарынбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин кол сааты менен сыйланды

09.12.2019

(Кыргызча)

Бүгүн, 9-декабрь күнү, өлкөнүн сот тутумунун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Аталган мааракелик күндүн урматына Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков иш-чарада куттуктоо сөзү менен чыгып, бир катар судьяларга жана сот тутумунун ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды, ошондой эле кол сааттарды берди.

 

Конституциялык палатанын судьясы А.О. Нарынбекова дагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кол сааты менен сыйланды.

 

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын куттуктоо менен бирге, адилеттүү жана көз карандысыз сот мамлекеттүүлүктүн өнүгүүсүнүн негизи экендигин баса белгилеп кетти.