(Кыргызча) Конституциялык палатада судья-катчы шайланды

08.06.2020

(Кыргызча)

Учурдагы жылдын 8-июнунда Конституциялык палатанын жыйыналышында судья-катчы болуп судья Ж.И. Саалаев шайланды.

 

Конституциялык палатанын жамааты судья Ж.И. Саалаевди ушул кызмат ордуна шайлануусу менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык Конституциялык палатанын жыйналышы өзүнүн курамынан үч жылдык мөөнөткө судья-катчыны шайлайт. Буга чейин бул кызматты судья Ч.О. Осмонова аркалап келген, анын ыйгарым укуктар мөөнөтү учурдагы жылдын 15 майында аяктаган.