(Кыргызча) Минскте «Эл аралык сот адилеттиги жана интеграциялык процесстерди бекемдөө» аттуу эл аралык конференция болуп өттү

22.10.2018

(Кыргызча)

 

Учурдагы жылдын 18-19-октябрында Минск шаарында Евразия экономикалык союзунун соту (ЕЭСС) тарабынан уюштурулган «Эл аралык сот адилеттиги жана интеграциялык процесстерди бекемдөө» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Чинара Айдарбекова катышты.

 

Пленардык отурумдун жүрүшүндө конференциянын катышуучулары интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдө, интеграциялык бирикмелер укугун бир өңчөй түшүндүрүүнү жана колдонууну камсыз кылууда эл аралык сот органдарынын ролун талкуулашты. Айрым дискуссиялык сессиялар ЕЭСС укугунун өнүгүүсүнүн негизги тенденциялары, эл арлык сот адилеттиги органдарынын улуттук соттор менен өз ара иштешүү, ЕЭСС укугун бизнести коргоо үчүн каражат катары колдонуу темаларына арналган.

 

Конференциянын катышуучуларынын арасында ЕЭССке мүчө болгон мамлекеттердин жогорку сот органдарынын төрагалары жана судьялары, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана башка өкүлдөрү, эл аралык соттук органдардын жана уюмдардын, анын ичинде Адам укуктары боюнча Европа сотунун, Эркин соода Европа ассоциациясынын жана Европа Кеңешинин сотунун өкүлдөрү, ошондой эле ЕЭСС жана ЕУ мүчөсү болгон мамлекеттердин алдыңкы окумуштуулары.

 

Эскертебиз, Евразия экономикалык союзунун соту – туруктуу иштеген эл аралык сот органы. Ал ЕЭСС жөнүндө Келишимге ылайык 2014-жылдын 29-октябрында түзүлгөн. Орду Минск шаары. ЕЭССтин негизги максаты - эл аралык келишимдер жана региондук интеграция процессиндеги чечимдерди мүчө болгон мамлекеттер жана органдар тарабынан бир өңчөй колдонууну камсыз кылуу.