(Кыргызча) Минскте «Азыркы конституциялык өнүгүү: укукту конституционалдаштырууда конституциялык контролдоонун ролу» эл аралык конференциясы болуп өттү

31.05.2019

(Кыргызча)

Учурдагы жылдын 30-31-майында Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары К.М. Киргизбаев жана Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонова Беларус Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Минск шаарында уюштурулган «Азыркы конституциялык өнүгүү: укукту конституционалдаштырууда конституциялык контролдоонун ролу» эл аралык конференциясына катышып келишти.

 

Конференциянын катышуучулары иш-чаранын алкагында укукту конституционалдаштырууда жана укук колдонууда конституциялык сот адилеттигинин ролун, ошондой эле конституциялык укук тартибин бекитүү маселелерин талкуулашты, анын жүрүшүндө Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонова «Конституциялык контролдоо органынын укук үстөмдүгүн камсыз кылуудагы ролу: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тажрыйбасы» темасында баяндама жасады.