(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды

19.09.2019

(Кыргызча)

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнүн белгилөө урматына «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн социалдык-экономикалык, инетеллектуалдык, маданий дараметин өнүктүрүүгө салымын кошкон, ошондой эле кесипкөй ишмердиктеги албан жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды салатанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы жылдын 28-августундагы № 110 жарлыгына ылайык Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти сыйлык алып жаткандарды куттуктап, ырыс кошкон эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирип, чың ден соолук жана келечекте дагы ийгиликке жетишүүнү каалап кетти.