(Кыргызча) Жогорку соттун судьялары Конституциялык соттун укуктун үстөмдүгүн камсыздоодогу ролун талкуулашты

04.04.2022

(Кыргызча)

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ролу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

 

Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун судьялары, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» коомдук уюмунун башкаруучу органынын төрагасы жана мүчөлөрү, «Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза» программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе катышты.

 

Тегерек столдун жүрүшүндө Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев баяндама жасап, Жогорку соттун судьяларына 2021-жылдагы Конституциянын жаңылыктары тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле адилеттүү сот жүргүзүүдөгү Конституциянын маанисине токтолду.

 

Эмил Өскөнбаев өз сөзүндө бийликтин сот бутагынын биримдигин чыңдоо максатында жана натыйжалуу жана адилеттүү сот жүргүзүүнү орнотууга тоскоолдук кылган укук системасынын көйгөйлөрүн биргелешип жоюу максатында Конституциялык сот менен жалпы юрисдикциядагы соттордун өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Андан ары Александру Тэнасе катышуучуларга конституциялык жана жогорку соттордун ортосундагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле бул маселе боюнча эл аралык тажрыйба жөнүндө айтып берди.

 

Тегерек стол «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» коомдук уюму тарабынан уюштурулду.