(Кыргызча) Мүлктү мамлекеттештирүү жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн Декреттери жана Убактылуу Өкмөттүн башка Декреттери конституциялык жана сот өндүрүшүнүн башка бардык түрүнүн алкагында соттук териштирүүнүн предмети боло албайт

(Кыргызча)

2014-жылдын 11-июлунда, Конституциялык палата, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы №146 «Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 3-июнундагы №60 «Ташкөмүр» жоопкерчилиги чектелген коомунун мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 12-августундагы №121 «Кант цемент заводу» ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21% мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 20-майындагы №48 «Пансионаты Витязь» жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 19-июлундагы №99 «Аврора Грин» ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы №130 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Декретинин 4-пункту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн башка Декреттери конституциялык жана сот өндүрүшүнүн башка бардык түрүнүн алкагында соттук териштирүүнүн предмети боло албайт деген чечим чыгарды.

 

Бул декреттер тарабынан бир катар физикалык жана юридикалык жактардын объектилери мамлекеттештирилген.

 

Конституциялык палата 2010-жылы мүлктөрү жана акциялары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн талашка түшкөн Декреттери тарабынан мамлекеттештирилген «United Cement Group PLC» компаниясынын, «Эмгек Курулуш», «Ташкомур», «Пансионат «Витязь» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун, «О.К.К.В.» жана жарандар: С.Л. Калимова, Б.А. Байгобылов, В.В. Баев жана башкалардын кайрылууларын карап чыкты.

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, бул белгиленген декреттерде: жеке менчикке болгон укук бузулган, жеке менчик объектилердин баасы толтурулбай туруп мамлекеттештирилди, мамлекеттештирүү мыйзам эмес, декрет түзүү жолу менен жүргүзүлдү, декреттер Конституцияга ченемдердин камтылышы менен, ченемдик укуктук актынын мазмуну боюнча, аны кабыл алуу тартиби боюнча ылайык келбейт, күнөөсүн тастыктаган же Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузгандыгы жѳнүндѳ далил келтирген соттун чечими да, айыптоочу өкүм да жок. Ошондой эле кайрылуу субъектилери, жогоруда белгиленген Декреттер Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлунда кабыл алынган №103 «Мүлктү мажбурлап алуу Тартибин бекитүү жөнүндө» Декретине каршы келе тургандыгын белгилешет.

 

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп жана жактардын жүйѳѳлѳрүн угуп, тѳмѳнкүдөй тыянактарга келди.

2010-жылдын 7-апрелинде мамлекеттик бийлик толугу менен Убактылуу Ѳкмөткө өткөндүгү мамлекетте болуп өткөн социалдык-саясий окуялардын натыйжасында болгон.

Буга окшогон органдарды дүйнөлүк тарыхта түзүү мисалдары, алар, эреже катары өткөөл мезгилдин шартында же курч социалдык-саясий каатчылык учурунда бийликтин убактылуу өкүлдөрү болуп чыгаарын күбөлөндүрөт жана мамлекеттик тиешелүү административдик-саясий механизмин камсыз кылып турууга милдеттүү.

Социалдык-саясий каатчылык объективдүү мүнөзгө ээ жана өнүгүп жаткан саясий чындыкты элестетет, ал саясий мамилелердин тигил же бул субъекттеринин эркинен көз карандысыз коомдук мамилелерди түзө алышат, алар мамлекеттин саясий тутуму орноткон алкактан да чыгып кетишет.

Ошентип, каатчылык кырдаалдарда саясий чечимдер – экстраординардуу кырдаалдарга байланыштуу келип чыккан жана өнүгүп жаткан саясий процесстин бир бүтүндүгүнүн маанилүү бөлүгү, ал саясий тутумдун туруктуулук абалы үчүн мүнөздүү.

Мындай чечимдердин максаты социалдык-саясий кырдаалды турукташтырууда, кооптуу жагдайды жана социалдык-саясий чыңалууну жеңүүдө, укуктук тартипти, мамлекеттин жана калктын коопсуздугун камсыз кылууда турат, башкача айтканда жалпысынан социалдык-саясий каатчылыктан чыгуу максатында мамлекетти өткөөл мезгилде башкаруу керек.

 

Убактылуу Өкмөт, өткөөл мезгилдин бийлигин органы катары, конституциялык реформа жүргүзүүгө жана анын негизинде мамлекеттик бийликтин конституциялык органдарын калыптандырууга болгон жоопкерчиликти мойнуна алды.

2010-жылы апрель айында орун алган мамлекеттеги курч каатчылыкта мамлекетти башкаруу өзгөчөлүгү, өзүнө мамлекеттик бийлик функциясын, коомдук-саясий кырдаалдарды турукташтырууга же өзгөртүүгө, башка көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди өз мойнуна алган орган тарабынан кабыл алуу зарылдыгынан келип чыгат.

Декреттер өзүнүн максаттуу багыты боюнча, каатчылык социалдык-саясий кырдаалдын мезгилинде анын жашоо ишмердүүлүгүнүн анын бардык тармактарында мамлекеттин толук кандуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

 

Демократиялык укуктук мамлекетте мамлекеттештирүү, бул мамлекеттин коргонуучу жана мамлекеттин жана объекттердин коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, жеке менчик объектилерине карата экономикалык саясаттын каражаты катары гана колдонулушу керек, анда жеке менчик укугун токтотуусуз канааттандырууга мүмкүн болбогон учурда гана социалдык мааниге ээ максаттарга жетүү үчүн коом үчүн зарыл болгон учурда гана колдонулушу керек. Мамлекеттештирүү бул учурда жазалоо чарасы болуп саналбайт, а социалдык –экономикалык мааниге ээ, жана коомдук жалпы кызыкчылыгына жооп бериши керек жана мамлекеттик экономикасынын тигил же бул секторунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуусу керек.

Убактылуу Ѳкмөт тарабынан ишке ашырылган мамлекеттештирүү башка мүнөзгө ээ болгон жана өзгөчө жагдайлар менен шартталган.

Мамлекеттештирүү жѳнүндѳ Декреттердин негизинде жеке менчик ээлерине мүлктү тартып алуу айрыкча мүнөзгө ээ, ал кырдаалдын экстраординардуулугу жана өзгөчө зарылдыктын болушу менен шартталган. 

2010-жылы Конституциянын кабыл алынышы жана анын мамлекеттик бийлик органдарын калыптандыруу жѳнүндѳ жоболорунун ишке ашырылышы менен, Убактылуу Өкмөт №147 Декрети менен өзүнүн бөлүнүшү жѳнүндѳ жарыялады, Убактылуу Өкмөттүн Декреттеринин көпчүлүгү өзүнүн юридикалык күчүн жоготту. 

 

Мамлекеттештирүү жѳнүндѳгү Декреттер өзүнүн юридикалык маанисин сактап калган, алардын негизинде келип чыккан мамилелер узаруучу мүнөзгө ээ жана буга байланыштуу, субъекттер үчүн укуктук колдонуудагы тутумунда алардын ролу жана орду, аларды соттук тартипте даттануу мүмкүнчүлүгү жѳнүндѳ укуктуу суроо келип чыгат.

Экстраординардуу учурунда кабыл алынган мамлекеттештирүү жѳнүндѳгү убактылуу бийлик органынын актылары, конституциялык тартиптин калыбына келтирилиши менен жана мамлекеттин жана анын органдарынын иштөө шартында азыркы колдонуудагы мыйзам тарабынан каралган тартипте калыптандырылышы керек.

Эгер, Декреттердин негизинде мүлктү тартып алуу учурунда физикалык жана юридикалык жактардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын бузууга жол берилген болсо, алардын мыйзамдуу аракети компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан каралышы керек. Бул учурда, жеке менчик укугуна байланышкан бардык чектөөлөр, конституциялык маанилүү максаттарына себептүү жана шайкеш болушу керек.

 

Конституциянын талаптарынын жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын талаптарынын күчү менен талашка түшкөн Декреттердин конституциялуулугу жѳнүндѳ маселени чечүү, маңызы боюнча Конституциялык палата тарабынан чечиле албайт, анткени жогорудагы мыйзамдарга ылайык, конституциялык көзөмөлдүн текшерүү предмети, бекитилген иш чараларды кармоо менен кабыл алынган жана ишке киргизилген, так калыпка салынган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар болушу керек. Талашка түшкөн Декреттер бекитилген ченем жаратуучу иш чаралардан тышкары кабыл алынган, жана Конституциялык палатанын карамагындагы юридикалык ыкмалар менен изилденип, чечиле албайт. Андан сырткары, так ушул себеп менен Декреттер жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан да кароо предмети болуп саналбайт.

Буга ылайык, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан, талашка түшкөн Декреттер тарабынан каралган маселени деталдуу изилдөө жана кызыкдар болгон субъекттерди сот адилеттигине жетүү укугун камсыз кылуу максатында, тиешелүү чараларды көрүү керек, колдонуудагы укуктук талаанын алкагында талаш маселелерди чечүү механизмин иштеп чыгуу зарыл.

Бул милдеттин мазмундук мааниси тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын жаратат, анда жеке менчиктин бардык таризинин субъектиси өз кароосу боюнча өзүнүн мүлктү ээ болууга, колдонууга жана тескѳѳгѳ болгон укугун ишке ашыруу мүмкүндүгүнө ээ болот, ошондой эле зарыл болгон учурда коргонуунун майнаптуу каражаттарына колдонуу мүмкүндүгүн алышы керек.

Буга байланыштуу, Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декреттери боюнча талаш маселелерди белгиленген бир мөөнөттө чечүүнү укуктук камсыз кылган механизмдерди түзүүнү тапшырды, жана мыйзамдуу жеке менчик ээлеринин мүлктүк укугун калыбына келтирүү мүмкүндүгүн кароону тапшырды. Бул учурда, чечимдин корутунду бөлүгүнүн 2-пунктун аткаруунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер Өкмөттүн актыларынын таризине ээ болушу керек жана талаштуу мамилелердин субъектилерине өзүнүн соттук коргонууга болгон укугун ишке ашырууга мүмкүндүк бериш керек.