(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

2013-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жогоруда кѳрсѳтүлгѳн жарандардын кайрылуулары боюнча ачык соттук жыйналышта «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 30-беренесинин 1-бѳлүгүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады.

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык мыйзамынын 30-беренесинин 1-бѳлүгү Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу, ишти кароого негиз болду.

 

Маселенин тарыхы

 2011-жылдын 13-июнундагы редакциясындагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, судьяга карата кылмыш ишин козгоо боюнча чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынган.

Бирок, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы №167 «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы менен киргизилген толуктоо менен, судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу, Башкы прокурордон тышкары, ал ыйгарым укук берген областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору статусунан  төмөн эмес прокурорлорго дагы берилген.

Кыргыз Республикасынын судьялары болуп саналган арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчтѳрүнѳ ылайык, аларга карата кылмыш иштери областтык прокурорлор жана Бишкек шаарынын прокурору тарабынан козголгон.

Ушуга байланыштуу арыз берүүчүлөр Конституциялык палатага «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын                 30-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялуу эмес деп таануу өтүнүчү менен кайрылышкан.

 

 Тараптардын позициясы

 Кайрылып жаткан тараптын позициясы, судьяларга карата кылмыш ишин козгоо үчүн ыйгарым укуктардын областтардын жана Бишкек шаарынын прокурорлоруна «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгү белгиленген мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келип турат, ага ылайык судьянын Конституция жана көрсөтүлгөн мыйзам менен караштырылган көз карандысыздык кепилдиктери эч кандай жагдайларда жокко чыгарылышы же болбосо төмөндөтүлүшү мүмкүн эместиги негизделген. Судьянын көз карандысыздыгы, жоопкерчилик ким тарабынан болбосун соттун ишине коркутуу аркылуу кийлигишүүгѳ тыюу салуу менен камсыздоону билдирет. Талашылып жаткан ченемге киргизилген ѳзгѳртүүлѳр, судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу берилген адамдардын чөйрөсүнүн кеңиртилиши, автоматтык түрдө кол тийбестик укугуна ээ болгон судьялардын статусун төмөндөтөт, жана Конституциянын 94-беренесинин  2, 3, 4, 9 бөлүктөрүнө карама каршы келет. Ошондой эле жогоруда аталган «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Конституциянын 6-беренесинин     2-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабастан кабыл алынган. Судьялардан көз карандысыздыгы Конституцияда бекитилген жана судьялар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийишет. Мамлекет, конституциялык жактан бекитилген судьялардын көз карандысыздыгы принцибинин сакталышын камсыздайт. Бирок,       2012-жылдын 10-августундагы «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген толуктоолор Конституция тарабынан кепилденген судьялардын көз карандысыздыгын камсыздабайт, жана Конституциянын 6, 16-беренелерине жана 94-берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Жоопкер-тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин ѳкүлү, кайрылуучу тараптын коюулган талаптары ишенерлик эмес деп аларды канааттандыруусуз калтырууну сурады.

 

Конституциялык палатасынын позициясы

Сот бийлиги мамлекеттик бийлик бутагынын бири катары мамлекеттик жана коомдук турмушту, аны ким гана бузбасын, кандай бузуулардан болбосун укугун, укуктук негиздерин коргойт. Сотторго жарандардын жана юридикалык жактардын эркиндик, укуктары, милдеттери жана жеке менчик маселелери боюнча акыркы чечимди кабыл алуу милдети жүктөлөт. Ошондуктан соттордун көз карандысыздыгы ким сот акыйкатына жана адам укугун коргоого ээ болгусу келген бардык жактар үчүн ажырагыс кепилдик болуп саналат.

Соттук коргоо башка бардык конституциялык укуктар жана эркиндикке карата камсыздоо-калыбына келтирүү милдетин аткара турган, адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат. Бул укуктук каражат сот бийлигин жүргүзүүчү сот бийлиги менен судьянын көз карандысыздык шартында гана таасирдүү жана натыйжалуу боло алат. Так ушуга байланыштуу, Конституцияда судьялардын көз карандысыздык принциби бекемделген.

 

Судьялардын көз карандысыздыгы, кол тийбестиги, алардын Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүүсү, сот акыйкатын жүргүзүү боюнча ишке кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө конституциялык жоболор судьянын укуктук статусун белгилейт жана мамлекеттик сыйлыктын көз карандысыз жана адилеттүү бутагы катары сот бийлигин бекемдейт (Конституциянын 94-беренесинин 1,2,3-бѳлүктѳрү).

Судьялардын көз карандысыздык принцибинин мааниси төмөнкүдөй шарттарды камсыздоого умтулуудан турат, анда судьялар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен, чечимдерди эркин кабыл алууга жана кайсы тараптан болбосун жана кандай себептер менен болбосун, эч бир чектөөсүз, башкалардын катышуусуз, мажбурлоосуз, коркутуусуз, түз же кыйыр кийлигишүүсүз иштөөгө реалдуу мүмкүнчүлүгү болмок.

Мында, соттук бийликтин жана соттук бийликтин ээси судьянын көз карандысыздыгы, судьяга берилген артыкчылык катары каралбашы керек. Ал соттук чечимдерди чыгаруу учурунда тыш жактан басым көрсөтүлүшүнө каршы кепилдик болуп эсептелет жана судьяларга жүктөлгөн адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүнүн зарылдыгы менен акталган. Ушуга байланыштуу судьяга карата кылмыш ишин козгоонун өзгөчө тартиби, коомдогу кармап туруучу жана турукташтыруучу ролду ойноого чакырылган сот бийлигинин өзгөчө статусун процессуалдык кепилдиги сыяктуу жана тастыктоосу болуп эсептелет жана алардын кызматтык статусу менен акыйкат сотту жүргүзүү боюнча мамлекеттик маанилүү функциясын жүзөгө ашыруусу менен шартталган.

 

Конституциялык палата, судьяга карата кылмыш ишин мыйзамдарга ылайык козгоо, кылмыш жасагандыгында негизделген шектенүү болгон учурларда, судьянын ишмердигине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болбойт деп белгилейт. Так судьянын ѳзгѳчѳ статусу менен каттоо Конституцияда бекемделген, судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө маселе боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кабыл алат деп «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамында аныкталган (2008-ж. 09.07. редакциясында 30-беренесинин 1-бѳлүгү). Мындай ыйгарым укукту Башкы прокурорго гана ыйгаруу, судьяга карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиздердин бардыгы же жоктугу тууралуу юридикалык баа берүүгө укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөөнүн зарылдыгы менен шартталган. Мындай ченемдин бар болушу Конституциянын 94-беренесинин 3-бөлүгү менен ылайык келишкен жана судьяга карата таасир этүүнүн мүмкүндүгүн төмөндөткөн. Мында судьяга карата кылмыш ишин козгоонун негизделгендиги үчүн жоопкерчилик жалгыз гана Башкы прокурорго жүктөлгөн. Бирок, мыйзам чыгаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы №167 «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы менен киргизилген толуктоо боюнча судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу, Башкы прокурордон тышкары, ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору статусунан кем эмес прокурорлорго дагы берилген жана судьянын өзгөчө конституциялык-укуктук статусу нивелирленген, демек, судьяга карата кылмыш ишин козгоо тартибин өлчөмдѳш эмес жөнөкөйлөткөн. Мында мыйзам чыгаруучу, ар кандай деңгээлдеги прокурорлорго судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугун берип, бардык соттордун судьяларынын бирдиктүү статусу жѳнүндѳ принцибин көңүлгө алган эмес.

Сот системасында калыптанган коомдук-саясий пикир, бийликтин соттук бутагынын көз карандысыздыгын жана кол тийбестигин кысымга алуучу жана мамлекеттик түзүлүштүн фундаменталдык негиздерин бузуу үчүн негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес жана кылбоого тийиш.

Жогорудагылардын негизинде, Конституциялык палата Башкы прокурор тарабынан областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору статусунан кем эмес прокурорлорго судьяга карата кылмыш ишин козгоого ыйгарым укуктарын берген «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосун конституциялуу эмес деп тааныды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бул көрсөтүлгөн чечимден келип чыккан мыйзам чыгаруу актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тапшырылды.

 

 

 Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

 Судья-баяндамачы:                                                 Эркинбек Тобокелович Мамыров