(Кыргызча) Жарандык процессуалдык кодекстин 34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун конституциялуугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

Маселенин тарыхы

 ЖПКнын  34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктунда тергөөнүн караштуулугуна ылайыктуу аны тергөө үчүн, өзгөчө учурларда, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүлөргө тапшырууга, берүүгө прокурордун укугу деп караштырылган. Мыйзамдын бул ченеминин негизинде прокурорлор мамлекеттик бийлик органдарынын  кызмат адамдарынын үстүнөн козголгон кылмыш иштерин тергѳѳнү башка укук коргоо органдарына берет. Демек, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы М.Абдыкалыковго карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча (параны опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тергөө өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылган.

 

Ушуга байланыштуу жаран М.Абдыкалыков Конституциялык палатага ЖПКнын 34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун таануу жана Конституцияга карама-каршы келет деп  табуу ѳтүнүчү менен кайрылган.

 

Тараптардын позициясы

 Башкы прокурор Конституциянын 104-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтууга анын ичинде Кыргыз Республикасынын сотторунун иштерин дагы башка укук коргоо органдарына тапшырууга укуктуу эмес. Ошондуктан жаран М.Абдыкалыков «өзгөчө учурларда – тергөөнүн караштуулугуна карабастан» сөздөрү менен берилген ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосун конституциялык эмес жана Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.

 

 

Конституциялык палатасынын позициясы

 Конституция, прокуратуранын көз карандысыз жана өз алдынча орган статусун бекитип, ага мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтугун жүзөгө ашыруу милдетин өз ара макулдашылган токтотуп туруу жана карама-каршы коюулар принцибине негизделген мамлекеттик бийликтин механизминин акылга сыяр иштеп турушун камсыздоо максаттарында жүктөгөн.

Ушундан улам, эл алдында боло турган мүнөздөгү бийликтик ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтугу тергѳѳнү прокуратура жүзөгө ашырууга тийиш. Бүтүндөй алганда кылмыштык куугунтугу тергѳѳ функциясын жүзөгө ашырышкан органдар системасында, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кылмыштык куугунтугун тергѳѳ жалгыз гана прокуратуранын ыйгарым укугу катары каралууга тийиш.

 

Мыйзам чыгаруучу, ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту менен прокурордун кылмыш иштерин тергөөчү тарабынан өзгөчө учурларда тергѳѳ үчүн – тергөөнүн караштуулугуна карабастан, жана мында тергѳѳ прокуратура органдарынын өзгөчө компетенциясына гана кирүүгө тийиш болгон кылмыш иштердин айрым категорияларына карата айырмалоочулукту белгилебей туруп берүүгө карата укугун аныктап жатып, мындай ченемдик жобо Конституциянын 104-беренесинин 6-пункту карама-каршылыкка келип жатканын көңүлгө алган эмес.

Андан тышкары, талашылып жаткан ченемде камтылган «өзгөчө учурларда» термини баа берүүчү категория болуп эсептелет жана мазмуну конкреттүү иштин факт жүзүндөгү жагдайларынан көз каранды болуу менен толтурулат. Өзгөчө учурлардын регламентациялоосунун жок болушу прокурорго негизсиз, аларга субүективдүү-инсандык элестөөлөрүнө ылайык келе турган белгилүү маанини салуу менен өз каалоосу боюнча мындай учурлардын мүнөзүн аныктоого мүмкүндүк берет.

Прокурорго тергөөчүлөргө иштин караштуулугунан көз карандысыз тергѳѳ үчүн кылмыш иштерин өткөрүп берүүгө мүмкүндүк бере турган өзгөчөлүү учурлардын критерийлерин, же болбосо өзгөчө учурлар болуп санала турган жагдайларды мыйзам тарабынан аныктоого зарыл.

Мында, эч кандай өзгөчөлүү учурлар прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик бийликтин кызмат адамдарынын айрым категорияларынын кылмыштык куугунтуу тергѳѳнү жүзөгө ашырып жаткан учурларда иштерди тергөөгө караштуулугуна карабастан өткөрүп берүүгө болбойт.

 

Ошентип, ЖПКнын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченемдик жобосу, Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна, прокурорго тергөөнүн караштуулугуна карабастан башка тергөө органдарына мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын айрым категориялары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштерин өткөрүп берүү укугун берген өлчөмдө карама-каршы келип турат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кылмыш, кылмыш-жазалоо мыйзамдарына Конституциянын талаптарынан жана Конституциялык палатанын чечимдеринен келип чыгып жаткан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тапшырылган.

Конституциялык палатанын бул чечими боюнча судья Э.Т.Мамыровдун өзгөчө пикири бар.

 

 

Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

 Судья-баяндамачы:                                                 Джумадил Макешович Макешов