(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 427-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

2013-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 427-беренесинин конституциялуугун текшерүү жөнүндө иш карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

Жарандар А.С. Токтоналиевдин жана Б.С. Чокморовдун каайрылуулары ишти кароонун себеби болду.

 

Маселенин тарыхы

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 427-беренеси Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштарды соттук эмес тартипте чечүү, ошондой эле, ушул берене менен белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдерди датанууга мүмкүн эместиги жѳнүндѳ жобону камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын кызмат ордун ээлеген А.С. Токтоналиев, кызмат ордунан «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бошотулган.

Ушуга окшош өтүнүч менен Конституциялык палатага Нарын областынын Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басарынын кызматын ээлеп турган жана ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бошотулган жаран Б.С. Чокморов кайрылган.

 

Тараптардын позициясы

 Арыз берүүчүлөр, Эмгек кодексинин, кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгектик талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуучу 427-беренеси, жарандарды соттук коргонуу укугунан ажыратуу менен соттук коргонуу укуктарына чектөөлөрдү киргизүүгө тыюу салууну белгилеген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, жана ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону кепилдей турган Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама каршы келет деп жана ошону менен алардын соттук коргонуу укугунан ажыраткандыгын белгилешет.

 

Конституциялык палатасынын позициясы

 Эң алгач, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан шайлануучу жетекчи кызматкерлерге саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турушкан адамдар киргизилет.

Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык саясий кызматын күчкө салуу менен токтотуунун негизги түрү болуп мажбур же саясий кызматтан кетүү саналат – жогору коюлган башкаруу ыйгарым укуктары бар кызмат адамдары аны иш жүзүнө ашыруу учурунда, адат катары, саясий көз карашты жетекчиликке алышканда кызматынан бошотуу эсептелет. Өз кезегинде, саясий кызмат ордуна кирип жаткан адам, ал жактан саясий жүйѳлѳрдѳн  улам бошотулуудан сакталбай тургандыгын түшүнүүгө тийиш.

Демек, саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар, юридикалык негиздөөлөрсүз эле бошотулушу мүмкүн. Бул укук Конституция тарабынан белгиленген башкаруу формасынын өзгөчөлүгүнөн келип чыгат.  Саясий жоопкерчиликтин негиздемеси болуп укук тартибин бузуу эсептелбейт. Саясий жоопкерчиликти колдонуу чөйрөсү – саясий ишмердик.

Конституция тарабынан белгиленген мамлекеттик саясий кызмат ордунан бошотуу (жылдыруу, чыгаруу, кызматтан кеткен болуу) кандайдыр бир жекече талаш-тартышты түшүндүрбөйт. Мындай жол-жобо кабыл алынып жаткан чечимдерди өз ара макулдаштыруу жана андан кийинки бекитилиши тартибинде жүзөгө ашырылат. Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш тараптан Өкмөткө ишеним кѳрсѳтпѳѳ, Президент тараптан тиешелүү чечим кабыл алган учурда анын кызматтан кетишинин негизи болуп калат. Жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөөсү, Премьер-министр тарабынан аны кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы үчүн негиздеме болуп калат.

Президенттин, Жогорку Кеңештин, Премьер-министрдин саясий кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимдерине соттук даттануунун жүзөгө ашпастыгы, Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту жана 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргонуу чектөөгѳ саналбайт, ал демократиялык бийликтин системалык мүнөздөмөсүнүн табигый логикасынан, саясий атаандаштыкты камсыздоонун зарылдыгынан, мамлекеттик бийликтин субъекттеринин алмашуучулук фактору катары, ошондой эле алардын саясий жоопкерчиликтеринин аракетте болушунан келип чыгат.

Саясий кызмат ордуна карата ишмердикти жөнгө салуучу ченемдердин тармактык тиешелүүлүгүн аныктап жатып, ошондой эле көңүлгө ала турган нерсе, бул укук мамилелери эл алдындагы чөйрөдө пайда боло тургандыгы, алардын элдик бийликти жүзөгө ашыруудан жана жарандын мамлекеттик иштерин башкарууга катышууга карата саясий укуктарынан келип чыгуусу, демек, алар эмгектик мыйзамдардын ченемдери менен жөнгө салуу болбойт. Бул мааниде, Президент, Жогорку Кеңеш, Премьер-министр жана саясий кызмат орундарына дайындалып жаткан адамдар, эмгек укук мамилелеринин субъектилери (жумуш берүүчү жана кызматкерлер) катары боюнча каралбайт.

Демек, саясий кызматтардан бошотулуу учурунда, эреже катары, эмгектик мыйзамдар тарабынан белгиленген негиздөөлөр жана кепилдиктер колдонулушу мүмкүн эмес.

Мамлекеттик кызматта турушкан башка жетектөөчү кызматкерлерге карата, ошону менен бирге, кызматтан бошотуу мыйзамда аныкталган тартипте Премьер-министрдин буйругу менен жүзөгө ашырыла турган административдик мамлекеттик кызматтарды ээлегендерге карата, алардын кызматынан бошотуу, бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча кабыл алынган чечимдерди соттук даттанууга карата укуктарын чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Жетектөөчү кызматкерлердин бул категориясын бошотуу мыйзамдарда  аныкталган негиздөөлөр боюнча гана мүмкүн болот. Ошону менен бирге, мындай мамлекеттик кызматкерлер, тескерисинче, алардын ишмердиктериндеги мамлекеттеги саясий өзгөрүүлөрдөн көз карандысыздык кепилдиктерине ээ болууга тийиш, ал эми алардын өз кесиптик милдеттерин аткарышы саясатташтырылбаган мүнөздү алып жүрүүгө тийиш.

Ушуга окшош принцип, кызматка дайындоо, бекитүү (бошотуу) Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырыла турган кызмат орундарынын номенклатурасына кире турган башка жетектөөчү кызматкерлерге карата иштөөгө тийиш.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренеси бул мыйзам жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан алардын Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашыруусуна карата саясий кызмат орундарына дайындала турган, шайлануучу, бекитилүүчү адамдарга карата канчалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келе турган болсо, ошончолук таанылган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул мыйзам жоболору административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындала турган жетектөөчү кызматкерлердин башка категорияларына карата мамиледе болгон деңгээлде ылайык келбейт деп таанылган.

Конституциялык палатанын чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

 

Процессте төрагалык кылган:                            Муканбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                                         Эркинбек Тобокелович Мамыров