(Кыргызча) “Кыргыз Республикасына ѳзгѳчѳ эмгек сиңирген үчүн пенсиялар жөнүндө” Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацыны конституциялуугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

2013-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №82 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасына ѳзгѳчѳ  эмгек сиңирген үчүн пенсиялар жөнүндө” Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацынын конституциялуугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.

 

Жарандар Т.Балтабаев, И.И.Исаков, Т.Б.Мамытов, Х.З.Коркмазовдун каайрылуулары ишти кароонун себеби болду.

           

Маселенин тарыхы

Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №82 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген үчүн пенсиялар жөнүндө” Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри боюнча жогорку саясий кызмат орундарына дайындалган мамлекеттик органдардын башкаруучу кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Төрагасына дайындалган Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн пенсиясынын даражасына жараша тиешелүү пайыз менен көбөйтүлгөн көлөмү атайын  комиссиянын чечими боюнча алар ээлеген кызмат орундырын бошоткон шартта жүргүзүлѳөрү белгиленген.

 

Арыз ээлеринин ой-пикирлери боюнча Жобонун талаш-тартыш жараткан ченеми пенсионерлердин айрым категорияларына Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсиянын жогорулатылган өлчөмүн төлөөнү токтотууга негиз болгон, анткени алар жогоруда аталган белгилүү бир мамлекеттик кызмат орундарын ээлешет.

 

Кайрылуучулардын позициясы

“Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген үчүн пенсиялар жөнүндө”  Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацы менен бекитилген бул чектөө, Конституциянын талаптарына карама-каршы келгендигин арыз ээлери тастыкташат, ал айрым пенсионерлердин менчигине болгон кол тийбестигин, башкача айтканда алардын менчиги болуп саналган пенсияны толук өлчөмдө алууга Конституция менен бекемделген укуктарын бузууда. Аны менен бирге, иштеген жана иштебеген пенсионерлер бирдей эмес абалга коюлган жана белгилүү мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген пенсионерлерге карата кодулоого жол берилген, ошондой эле кесибин жана иштин түрүн тандоого  укуктары чектелген. 

 

Конституциялык палатанын позициясы

Жарандардын Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгектерин таанып, мамлекет аларды социалдык жактан коргоону жүргүзүү боюнча укуктук милдеттенмелерди өзүнө алган. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиянын курамдык бөлүгү болуп саналган үстөктөрдү алып таштоо үчүн кандайдыр-бир негиздерди караштырбайт.

 

Адамдын социалдык абалын эске алуу менен мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акты менен киргизилип жаткан бул чектөөлөр, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2- бөлүгүнө карама-каршы келет.

Кыргыз Республикасынын 20-беренесинин 2-пункту адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында  чектоѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берет.

Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

Жобонун талашылып жаткан ченеми эч ким, ошонун ичинде адамдын социалдык абалы кодулоого алынышы мүмкүн эместигин көрсөтүп турган  Кыргыз Республикасынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ошондой эле мыйзам алдында бардык адамдардын укугу бирдей принцибин бекемдейт (16-беренесинин 3-бөлүгү). Буга жараша, ченемдик укуктук актыны чыгаруучу орган өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиянын курамдык бөлүгү болуп саналган үстөктү төлөөнү чектөө менен, белгилүү мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын төрагасынын кызмат ордун ээлеген пенсионерлерди жана башка тармактарда иштеген пенсионерлерди бирдей эмес шартка койду. Адамдардын ар бир топторуна карата белгиленген укуктардын кепилдиктери ушул топтун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей болушу керек.

 

Ошондуктан ченемдик укуктук актыны чыгаруучу орган Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсияны аныктоонун жана төлөп берүүнүн шарттарын жана тартибин белгилөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, адам бир конституциялык укукту жүзөгө ашыруу менен, башка укукту жүзөгө ашыра албай турган укуктук жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн эместигин эске алышы керек.

 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы №82 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасына ѳзгѳчѳ сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө” Жобонун 12-пунктунун экинчи абзацын Конституцияга каршы келет деп чечти.

 

 

Процессте төрагалык кылган                 КАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович

Судья-баяндамачы                                     БОБУКЕЕВА МеергульРыскулбековна