(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгүн текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

 

Конституциялык палата КР «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ»  конституциялык мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алды, ага ылайык Кыргыз Республикасынын судьянын мөөнөтүнөн мурда  бошотуу чечимине даттануу кабыл алынбайт.  

 

Бүгүн Конституциялык палата жарандар Б.О. Раяповдун жана М.А. Асановдун кайрылуусун карады, алар мурда жергиликтүү сотунун судьясы деген кызмат ордун ээлеп турушкан, Кыргыз Республикасынын Президенти Соттор кеңешинин, соттун кынтыксыз жүрүм-турумуна туура келбеген тартип бузууларына байланыштуу кызматынан бошотуу туурасындагы  чечиминин негизинде аларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон. 

 

Арыз ээлеринин пикири боюнча, каралып жаткан конституциялык мыйзамдын 26-берененин 6-бөлүгү, соттук коргоо конституциялык укукту ишке ашыруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу менен,  соттук коргоого болгон чектелген укуктарга конституциялык тыюуну бузуп жатат.    

 

Соттук коргоого болгон укук иштеген кесиптик ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз ар биринин укугу болуп саналат, ошондуктан Соттор кеңешинин сотторду ээлеген кызматынан бошотуу туурасындагы чечими тиешелүү чечимге даттанууга болгон соттун укугун чектебеши керек. 

 

Сотторду ээлеген кызматынан бошотуу туурасындагы чечим соттун көз карандысыздыгы жана кол тийбестиги, ошондой эле сот бийлигинин коом алдындагы жоопкерчилиги катары каралыш керек. Ошондуктан, Соттор кеңешинин сотторду ээлеген кызматынан бошотуу туурасындагы чечими дисциплинардык таасирдин акыркы чеги катары,  белгиленген чечимдин обьективдүүлүгүн жана калыстыгын текшерүүнүн юридикалык мүмкүндүгү болушу керек. 

 

Жогорку Кенеш  Соттор кеңешинин тиешелүү чечими чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин аны бекиткенге чейинки аралыкта Соттор кеңешинин чечимине даттанууга сотко мүмкүндүк берген укуктук аспаптарды иштеп чыгуусу керек. 

 

Бул иш боюнча Конституциялык палатанын сотторунун тѳрт өзгөчө пикирлери бар.