(Кыргызча) Жер казынасы жөнүндө» КР Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бѳлүгүнүн жана «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн тѳлѳмдү эсептѳѳнүн жана тѳлѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобонун 12-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

2015-жылдын 5-октябрында Конституциялык палата, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 2-бѳлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 «Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген, «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн тѳлѳмдү эсептѳѳнүн жана тѳлѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобонун 12-пунктунун конституциялуугун жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

Ишти кароого «Палладекс КР» ЖЧК жана «Текстоник» ЖАК ѳтүнүчтѳрү себеп болду, алар Конституциялык палатага талашка түшкѳн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 20-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп талаптары менен кайрылышкан.

 

Арыз берүүчүлѳр далилдѳѳ катарында 2012-жылдын 9-августунда «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынганын келтиришет, ага ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн салыктык эмес тѳлѳм киргизилген. Аталган Мыйзамды ишке ашыруу үчүн Ѳкмѳттүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 Токтому менен «Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн тѳлѳмдү эсептѳѳнүн жана тѳлѳѳнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобону бекиткен, ага ылайык лицензияларды кармоо үчүн тѳлѳмдү эсептѳѳнүү жана тѳлѳѳнүү тартибин орноткон. Талашка түшкѳн ченемдик укуктук актыларына ылайык 2012-жылдын 9-августундагы № 160 «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамы күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча лицензиялык төлөмдөрдү төлөө өлчөмүн аныктоо үчүн мөөнөттөрдү эсептөө лицензия биринчи ирет берилген күндөн тартып жүргүзүлөт, ошону менен жер казынасын пайдалануучулардын да жоопкерчилиги кѳбѳйѳт жана ошону менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулуп жатат. Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Жер казынасын пайдаланууга укук берүү боюнча мамилелердин негизине лицензиялык тутум коюлган, ал анын жардамы менен мамлекет жаратылышты пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо тармагында көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырылып жаткан ыкмалардын бири болуп саналат. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун максаты болуп, жер казынасын рационалдуу жана комплекстүү пайдалануу болуп саналат, бул анын коомдук-укуктук жаратылышын көргөзүп турат.

 

Тигил же бул жер казынасын пайдаланууга болгон лицензиянын болушу тиешелүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн төлөөчүсүн аныктоо маселесинде негиз салуучу болуп эсептелет.

«Салыктык эмес төлөмдөр» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, жер казынасын пайдалануучу тарабынан жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдѳрдү өнүктүрүүгѳ жана күтүүгѳ коротула турган салыктын түрү болуп санала турган чегерүү каралган. Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 19-2-беренеге ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдүн суммасын төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөм болсо Кыргыз Республикасында пайдалуу кен байлыктарды издөөгө жана/же чалгындоого жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт.

Жогоруда аталган лицензиялык салыктык эмес төлөм коомдук-укуктук төлөмдөрдүн өзгөчө түрү болуп эсептелет, аны алуу бир гана мамлекеттин фискалдык кызыкчылыгын канааттандырууга багытталбастан, жер казынасын пайдаланууну комплекстүү, натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланып, коргоо маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, анын 13-беренесинин 55-беренеси менен өз ара байланышынан алып карагандай, мыйзам менен орнотулган салык жана жыйым түрүндө милдеттүү айкын төлөмдү алууга жол берет. Салыктык жана салыктык эмес катары милдеттүү төлөмдөрдүн укуктук жаратылышы жѳнүндѳгү маселе конституциялык мүнөзгө ээ, анткени мыйзамдуу бекитилген салыктар жана жыйымдар менен байланыштуу.

Ошентип, салыктык эмес төлөмдөр салыктар сыяктуу эле ачык мүнөздөгү мыйзам менен бекитилген жана милдеттүү түрдө төлөнгөн конституциялык жол берилген төлөмдөр болуп саналат. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен берилген дискрециядан, жер казынасын пайдалануучуларды жер казынасын натыйжалуу, тез өздөштүрүүгө түрткү берүүчү экономикалык механизм катары жер казынасын колдонуу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм орноткон, жана ал жергиликтүү аймакты жана калкынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү бюджетти колдоого багытталган.

Арыз ээси, лицензиялык төлөмдөрдү төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин туура эмес деп эсептейт, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдаланууга лицензияны кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнү лицензиясы бар мезгилге кайтарым күч берүү менен киргизген деп эсептейт. Бул кѳз карашта талашка түшкөн ченем менен орнотулган укуктук жөнгө салуунун тең ченемдүүлүгүн, эң биринчи учурда салык төлөө жана башка милдеттүү салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөнүн адилеттүүлүк жана кыймылдуулук принциптерин менен өз ара байланышта баалоо керек.

Адилеттүүлүк принциби, коомдук мамилелердин укуктары жана милдеттери мазмуну боюнча да, социалдык баалуулугу боюнча да бирдей болушу керек экендигин түшүндүрөт, ал жеке жана коомдук кызыкчылыктарды камсыздоого багытталган.

 

Салык тутумунун кыймылдуулук принциби, салыктык жана салык эмес төлөмдөр мамлекеттин социалдык-экономикалык жагдайынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирип турат. Бул учурда бул принцип жаңы салыктарга жана салыктык эмес төлөмдөргө кайтарым күчтү берүүгө жол бербейт.

Ошентип, аталган принциптер жаңы салыктарга жана салыктык эмес төлөмдөргө кайтарым күчтү берүүнүн мүмкүн эместигин орнотот, ал эми аларды киргизүү мамлекеттин социалдык-экономикалык жагдайы менен шартталат, анда мамлекеттин, коомдун жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгы эске алынат.

Мыйзам чыгаруучу, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептѳѳнүн жана төлөөнүн тартибин укуктук жөнгө салууну ишке ашыруу менен, жогоруда аталган принциптердин алкагынан чыккан жок жана толук өлчөмдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган конституциялык мыйзамдарга туура келет. Лицензияны кармагандыгы үчүн төлөм, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, анын күчүнө кирген учурдан баштап алынат, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методика боюнча алынат. Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн баштап күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лицензиялык төлөмдү жүргүзүү методикасы «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарына ылайык аныкталган жана жер казынасын пайдаланууга болгон лицензиянын иш жүзүндө алган учурунун эсептөөнү караган. Мыйзам чыгаруучунун төлөмдү аныктоого карата мындай мамилеси адилеттүү болуп эсептелет жана бир жер казынасын пайдалануучулардын башкалардын алдында артыкчылыгын жокко чыгарат жана жер казынасын пайдалануу укугун жаңы гана алган жер казынасын пайдалануучулардын укугун басмырлабайт. Ошондуктан, лицензиялык төлөмдүн баасын аныктоодогу мыйзам чыгаруучу тарабынан колдонулган ыкма төлөмдү эсептөө методикасына гана тиешелүү, ал аркылуу лицензияны кармаганы үчүн төлөмгө кайтарым күчтү бере албайт.

Конституциялык палата арыз ээси тарабынан талашка түшкөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп табуу жѳнүндѳ талабын негизсиз деп эсептейт, анткени талашка түшкөн ченемдер жаңы милдеттерди орнотуп жаткандыгына жана арыз ээсинин укугун кемсинтүүчү же чектөөчү ченем катары каралбай тургандыгына байланыштуу түздөн түз конституциялык мааниге ээ эмес деген жыйынтыкка келди.

 

Ушул чечимге Конституциялык палатанын эки судьянын ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

 Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Меергуль Рыскулбековна Бобукеева