(Кыргызча) «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

9-декабрда КР ЖС Конституциялык палатасы, «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренеси бейтарап соттун чечими - акыркы экендигин белгилеген, анын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашка түшкѳн ченемдин конституциялуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарды.

Ошентип, Конституциялык палатага жарандар Б.Ж. Иманазарова, Г. Мырзакулова, В.И. Мячиндер жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемди конституциялуу эместигин таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү менен кайрылышкан, бейтарап сотунун чечими акыркы экендиги жана даттанууга жатпай тургандыгын белгиленген, ошону менен алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоого болгон конституциялык укуктарын чектейт деп эсептешет.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөөлөрүн талкуулап, башка жактын иш боюнча берген түшүндүрмөсүн угуп (КР Соода-ѳнѳр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун ѳкүлүн, «Кыргыз банктар бирлиги» ЮЖБ ѳкүлүн) жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

 

Кыргыз Республикасы жарандарга сот адилеттигине жеткиликтүүлүк кепилдигин берүү менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, бардыгынын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо мүмкүндүгүн бекитип берет. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо Кыргыз Республикасынын соттук тутумуна кирген соттор тарабынан ишке ашырылат, алар Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилет жана Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Буга ылайык, чыр-чатактарды жана башка талаш-тартыштарды чечүүнү ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирбеген башка соттор жана башка түзүлүштөр Кыргыз Республикасында сот адилеттигин жүргүзө алышпайт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы соттук коргоого укукту кепилдик берүү менен бир эле убакта ар бирине өз укугун мыйзам менен тыюу салынбаган ыкмалар менен коргоо укугун бекитип берген. Мында, мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

 

Азыркы укуктук коомдо жалпы таанылган, келишимдин эркиндигинен, жарандык укуктук жана жарандык-процесстик мамилелердин диспозитивдүү мамилелеринен келип чыккан мындай жарандык-укуктук талаш-тартыштарды чечүүнүн ыкмалардын катарына бейтарап сотко кайрылуу да кирет. Кыргыз Республикасынын Конституциясы элдик маанилүү милдеттер берилген жарандык коом институттары катары иш алып барган бейтарап соттор аркылуу бейтарап териштирүү процедурасы боюнча жеке адамдардын ортосундагы жарандык-укуктук талаш-тартыштарды чечүү мүмкүнчүлүгүнө жол берет. Кызыкдар тараптарга өз каалоосу боюнча талаш-тартышты чечүү үчүн мыйзам менен бекитилген компетенциясына ылайык жалпы юрисдикция сотторуна бериши же болбосо өз укуктарын коргоонун альтернативдүү таризин тандап алуу менен бейтарап сотко кайрылууга укук берүү – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40, 42 жана 58-беренесинде бекитилген кепилдиктеринин мааниси боюнча аларды бузуу катары каралбайт, тескерисинче, талаш-тартыштарды жарандык айлануу тармагындагы чечүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

«Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жѳнүндѳ» Мыйзамга ылайык жарандык-укуктук мамилелерде тараптар, ишинин жалпы юрисдикция сотторунда кароого барбоо, тиешелүү макулдашууну түзө алышат, анын ичинде келишимде арбитраждык эскертме түрүндө түзүшөт жана талаш-тартышты бейтарап соттук териштирүү жолу менен чече алышат. Өз талаш-тартышын жалпы юрисдикция сотторунда кароого болгон укугунан баш тартуу, эгер ал мажбурланбай берилген шартта жазалса, соттук коргоо укукту бузуу болуп саналбайт.

 

Ошентип, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн бейтарап сотторду түзүү жокко чыгарылбайт. Бул учурда «сот» терминин сөзсүз түрдө, мамлекеттик органдардын тутумуна киргизилген классикалык типтеги сот катары карабаш керек, жана чектелген сандагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн органды түшүнүү керек, жана ал тараптан тиешелүү кепилдиктердин бардыгы кармалат деген өзгөртүлгүс шарт кармалат.

Талашка түшкөн чечимдеринин жоболору бейтарап соттун чечиминин акыркылыгын жана аны даттанууга берүүгө мүмкүн эместигин караган бейтарап соттордун институтунун укуктук жаратылышынан келип чыгат, алар келишимдин эркинин жана эркиндигинин автономиялуулук принцибине негизделген; ошондой эле бул жоболор келишимдин курамдык бөлүгү болуп саналган арбитраждык эскертме же бейтарап макулдашуу боюнча түзүлгөн, өзүнө кабыл алынган милдеттенмелердин натыйжасы катары да боло алат. Тараптар, талаш-тартыштарды бейтарап соттун кароосуна берүү жѳнүндѳ келишим түзүү менен, андан келип чыккан бардык милдеттенмелерди аткарууга милдеттенме алышат, жана бейтарап соттун чечимдерин аткарууга милдеттенишет.

Бейтарап соттор тарабынан жүргүзүлгөн жарандык-процесстик укук принциптерине негизделген бейтарап териштирүү Кыргыз Республикасынын соттору менен жүзөгө ашырылган жарандык-процесстик мыйзамдардан айырмаланат жана бейтарап соттун чечимдерин кабыл алуусуна жол берген жоболорду камтышы мүмкүн, алар акыркы болот жана даттанууга жатпайт.

 

Ушул иш боюнча судья Ч.О. Осмонованын ѳзгѳчѳ пикири бар.

 

 

Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Чинара Аскарбековна Айдарбекова