(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин (мыйзамсыз баюу) конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

Үстүбүздѳгү жылдын 25-июнда Конституциялык палата кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен олуттуу көбөйүшү жүйөөлүү негиздеп бере албаган үчүн жазык-укуктук жоопкерчиликке тартылат деген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренеси (мыйзамсыз баюу) Конституцияга ылайык келет деп чечим чыгарды.

 

Арыз ээсенинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдери кызмат адамдарын жазык-жазалоочу иш аракеттерди жасаган башка жарандары менен тең эмес абалга коюу менен, бардыгынын тең укуктуулугу принцибин бузуп жатат жана Конституциянын талаптарына карабай, кызмат адамдарына өз күнөөсүздүгүн далилдөө түйшүгүн жүктөйт, анда эч ким өз күнөөсүздүгүн далилдебеши керек экендиги түз көргөзүлгөн.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, төмөнкү тыянактарга келди.

Кылмыш-жаза кодексинин талашка түшкөн ченемдери мамлекеттик органдардын ишинин Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган Коррупцияга каршы БУУнун конвенциясынын жоболорунун улуттук мыйзамда имплементациялоо натыйжасы болуп саналат.

Каралып жаткан кылмыш курамы коррупциялык көрүнүштөрдүн катарына кирет, ал коррупцияга каршы БУУнун Конвенциясынын жоболоруна ылайык «коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирет, демократиялык институттарды жана баалуулуктарды бузат жана туруктуу өнүгүүгө жана укук тартибине зыян келтирет; мамлекеттин саясий стабилдүүлүгүнө жана туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч келтирет».

Бул кылмыштын субъектилери болуп, кызмат адамдары жана жооптуу абалды ээлеп турган кызмат адамдары болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматчылардын кесиптик ишинин орнотуу мамлекеттик кызматтын ѳзгѳчѳлүгү менен шартталган, буга байланыштуу, мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматка кирген учурда, кызмат адамынын өзү алып жаткан коомдук-укуктук статусуна байланыштуу чектөөлөрдү да кабыл аларын белгилей кетүү керек жана мыйзамда белгиленген тартипке ылайык тиешелүү талаптарды аткарат, бул - жарандын конституциялык укугун бузууга жана чектөөлөргө алып келбейт.

 

Мындай активдердин келип чыгуусун далилдөө же негиздөө процесси жазыктык сот ишинен тышкары ишке ашырылышы керек жана, кызмат адамы же жооптуу абалды ээлеп турган кызмат адамы катары анын милдеттеринин бири болуп саналат. Кызмат адамы тарабынан сатылып алынган мүлктүн мыйзамдуулугуна далилдерди берген учурда, аны жазык жоопкерчилиге тартуу үчүн негиз жок калат. Мамлекеттик кызматчынын милдети, өз активдеринин келип чыгышын далилдөө зарылдыгы, башка жагдайлардан – өз кирешелерин, мүлкүн жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмесин декларациялоодон келип чыгат, анын максаты – коррупциялык бузууларды табуу жана алдын алуу.

Тергөө органдарынын бардык аракеттери күнөөсүздүк жоромолун эске алышы керек жана мыйзам тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыпталуучунун күнөөсүнө далилдерди чогултушу керек. Бул мааниден алып караганда далилдөө түйшүгү, кылмыш субъектисине карабай, тергөө органдарына жатат, ал эми көрсөтмө берүү – бул айыпталуучунун милдети эмес, укугу. Болбосо, Кылмыш-жаза кодексинин 308-1-беренесинин диспозициясын башкача түшүнүү күнөөсүздүк жоромолу жѳнүндѳ конституциялык эрежелерге каршы келип калат.

Ошентип, Кылмыш-жаза кодексинин талашка түшкөн, кызмат адамдарынын жазык жоопкерчилигин караган ченемдеринин жоболору мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей жана күнөөсүздүк жоромолу деген конституциялык принциптерге каршы келбейт.

 

Төрагалык кылган                        Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                       Чинара Аскарбековна Айдарбекова