(Кыргызча) Климаттын өзгөрүшүнө карата соттук таасирди жакшыртуу боюнча эл аралык семинар

06.07.2022

(Кыргызча)

2022-жылдын 6-июлунда видеоконференц байланыштүрүндө “Климаттын өзгөрүшүнө соттук таасир” деген темада эл аралык семинар болуп өттү.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик соту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы жана ClientEarth айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кайрымдуулук уюму менен биргеликте уюштурулду.

Эл аралык семинарга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Климаттын өзгөрүшү буткүл дүйнө жүзү кезигишкен экологиялык кризистердин бири, ушуга байланыштуу жалпы өз ара аракеттенүү аркылуу таасир этүүнүн натыйжалуу чараларынын зарылчылыгы пайда болууда. Дал ушул максаттар үчүн эл аралык семинар уюштурулду, анткени мындай иш-чаралар планетанын бүткүл калкы үчүн шартсыз мааниге ээ жагымдуу экологиялык чөйрөгө болгонукуктун үстөмдүгүн бекемдөө үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар теманын актуалдуулугун белгилешип, соттук практика менен бөлүшүштү жана климаттын өзгөрүшүнө карата соттук таасирди жакшыртуу жана бүткүл адамзаттын жана жаратылыштын туруктуу келечегин камсыз кылуунун кийинки перспективалары боюнча пикир алмашышты.