(Кыргызча) Бишкекте Жогорку Кеңештин мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду менен мааниси жана анын конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролу талкууланды

15.04.2022

(Кыргызча)

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана мааниси жана анын конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролу"темасындагы улуттук конференция болуп өттү.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Европа Бирлигини "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза" долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

 

Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Президенттин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Конференцияны ачып жатып, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев бийликти бөлүштүрүү принциби алардын такыр эле өз-өзүнчө иштешин билдирбейт, тескерисинче алар биргелешип тыгыз иштеп, өз ара аракеттенүү керек дегенди болжолдойт деп белгиледи. "Бийликти бөлүштүрүү жана тизгиндөө менен тең салмактуулук принциби конституциялык деңгээлде жөнгө салынганына карабастан, бул принципти колдонуу аспектилерин түшүнүү маанилүү болуп саналат. Бийлик бутактарынын ортосунда ар дайым конструктивдүү мамиле жана өз ара түшүнүү болушу керек. Бийликтин ар бир бутагы тизгиндөө жана тең салмактуулук системасын камсыз кылууга, бийликтин башка бутагынын чөйрөсүнө кийлигишүүнү чектөөгө тийиш, мамлекеттик органдардын тутумунда бири-биринин ролун бирдиктүү түшүнүү зарыл. Мындай түшүнүккө, анын ичинде бүгүнкүдөй иш-чаранын алкагында жетишүүгө болот", - деп жыйынтыктады төрага.

 

Конференцияда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медер Алиев, Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза" программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас да саламдашуу сөздөрүн айтышып, конференциянын темасынын маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Конференциянын жүрүшүндө Юстиция министри Аяз Баетов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Наталья Никитенко, Конституциялык палатанын экс-судьясы Чынара Айдарбекова, Молдованын Конституциялык сотунун экс-төрагасы Александру Тэнасе, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев жана Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов доклад кылышты.

 

Баяндамачылар өз сөзүндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти куруунун принциптери, укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда мыйзам чыгаруу органынын ролу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык мыйзам чыгаруу жана сот бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүү формалары, мамлекетте мыйзамдуулук режимин чыңдоодо конституциялык контролдоонун мааниси, мыйзам чыгарууда жана конституциялык сот адилеттигинде колдонулуучу укуктук принциптер, өзгөчө  пропорционалдуулук принциби, ошондой эле конституциялык контролдоо органынын чечимдерин аткаруу проблемалары жөнүндө айтып беришти.