(Кыргызча) КР Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) аппаратынын кызматкерлери, адвокаттар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үчүн конституционализмдин жайкы мектеби өттү.

07.07.2022

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту коомдун ар кандай топторунун өкүлдөрү үчүн конституционализмдин жылдык жайкы мектептерин өткөрүүнүн жакшы салтын улантып, ушул жылдын 3-6-июлунда "Адилет" Укуктук клиникасы" коомдук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери, адвокаттар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үчүн конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү.
Иш-чарага КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) Атыр Абдрахматова жана КР Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов катышты.
Конституционализм мектеби катышуучуларды Конституциялык соттун ишмердүүлүгү жана жалпысынан конституциялык сот адилеттиги жөнүндө укуктук агартуу максатында өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Конституциялык палатанын экс-судьясы Чинара Айдарбекова, Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов жана Конституциялык соттун аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Кубанычбек Алыбаев жана Назгуль Нурбекова катышуучуларга конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана ролу, Конституциялык сотко кайрылууларга карата жалпы талаптар, Конституциялык сотто иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү, анын чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруунун тартиби жөнүндө айтып беришти.
Өз кезегинде катышуучулар Кыргызстандагы конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө, Конституциялык соттун ишинин өзгөчөлүгүнө, анын башка сот органдарынан айырмаланышына тиешелүү маселелерге да активдүү катышып, жооп алышты.
Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетүүчү нерсе, конституционализмдин жайкы мектептери Конституциялык сот тарабынан 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Үстүбүздөгү жылдын 6-9-июлунда ушундай эле иш-чара жергиликтүү соттордун судьялары жана мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү үчүн өтөт.