(Кыргызча) Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш инстуттарынын ассоциациясынын 5-жайкы мектебинде миграция жана качкындары темасы талкууланат

21.09.2017

(Кыргызча)

Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери К. Алыбаев – эксперттик аналитикалык бөлүмдүн башчысы жана У.Нурматов – чечимдердин аткарылуусунун анализи жана мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн улук консультанты Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш инстуттарынын ассоциациясынын 5-жайкы мектебинин иишне катышууда.

 

Жайкы мектеп Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган, ал Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш инстуттарынын ассоциациясынын Туруктуу катчылыгынын ишмерлиги алкагында Кесиптик даярдоону өнүктүрүү боюнча жана адам ресурстарынын борборунун функциясын аткарат.

 

Иш-чара ушул жылдын 17-сентябрында Анкара шаарында башталган жана 24-сентябрга чейин Стамбул шаарында улантылат.

 

Жайкы мектепте Азербайжан, Афганистан, Болгария, Индонезия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Косово, Малайзия, Монголия, Өзбекстан, Россия, Черногория, Тажикистан жана Таиланд конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.

 

Жайкы мектептин катышуучулары өзүнүн өлкөлөрүндөгү миграция жана качкындар маселелерин мыйзам чыгаруучулук жөнгө салынуусун, ошондой эле бул маселе боюнча конституциялык контролдоо органдарынын тажрыйбасын талкуулашат.

 

Конституциялык палатанын өкүлдөрү Жайкы мектептин алкагында тематикалык баяндамаларын жасашат.

 

Белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргызстан Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын ассоциациясынын мүчөсү болуп 2015-жылы кирген.