(Кыргызча) “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

18.10.2016

(Кыргызча)

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 18-октябрында "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. Соттук отурумда башка жак катары Президенттин Аппаратынын өкүлү (Ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын Секретариаты), Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы.

 

 

Ырайым кылуу же жазаны жумшартуу жөнүндө өтүнүч менен биринчи жолку  кайрылуу үчүн мыйзамдарда мөөнөттөр келтирилбейт деп Конституциялык палата өзүнүн жүйөлөштүрүү бөлүгүнүн чечиминде белгилеп кеткен.

 

 

Ошону менен бирге, мыйзам чыгаруучу ар бир соттолгон адамдын көңүлгө алына турган жаңы жагдайлары пайда болгон учурда ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу укугу бар деп кошумча кепилдиктер катары алдын ала караган, мындай кайрылуу мөөнөтү белгиленбегендигине байланыштуу жогоруда аты аталган жаңы жагдайларга байланыштуу болот.

 

 

Ыйрайым кылуунун ишке ашыруу, ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайталап кайрылуу үчүн мөөнөттөрдү бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун механизмин мыйзам чыгаруучу тарабынан тактоо соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү берүүсүнө болгон конституциялык укугун чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.