(Кыргызча) Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Индонезиянын Конституциялык сотунун эл аралык симпозиумуна катышып келди

06.11.2019

(Кыргызча)

Учурдагы жылдын 3-5-ноябрында Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Индонезия Конституциялык сотунун «Конституциялык сот жана социалдык, экономикалык укуктарды коргоо» темасындагы 3-эл аралык симпозиумунун ишине катышып келди.

 

Конституциялык палатанын төрагасы симпозиумдун жүрүшүндө жарандардын социалдык укуктарын коргоо боюнча Конституциялык палатанын тажрыйбасы жөнүндө иш-чаранын катышуучуларына айтып берип, соттун айрым чечимдеринде токтолуу менен баяндама жасады.

 

Ошондой эле симпозиумдун алкагында Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш келген институттардын Ассоциациясынын (АКСА) Мүчөлөр Кеңешинин отуруму болуп өттү. Ал отурумда Индиянын жана Мальдив Республикасынын Жогорку соттору уюмдун курамына жаңы мүчө болуп киришти. Ошону менен бирге, келерки эки жылга АКСАнын төрагасы болуп Казакстан Республикасынын Конституциялык кеңеши бир добуштан шайланды, кийин АКСАда төрагалык кылуунун кезеги Монголияга өтөт. Ошондой эле отурумда Ассоциациянын 4-Конгрессин кийинки жылы Нур-Султан шаарында өткөрүү маселелери талкууланды.