(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

15.02.2017

(Кыргызча)

 

2017-жылдын 15-февралында Конституциялык палата атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүмдөрдү, чечимдлерди же башка соттук токтомдорду чыгаруу үчүн судьялардын жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечимдерин төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеген.

 

Судьяга карата жазык ишин козгоонун өзгөчө тартиби, кандайдыр бир кепилдик жана коомдогу өзүнчө туруштук берүүчү жана турукташтыруучу фактордун ролун аткарууга арналган сот бийлигинин өзгөчө статусунун тастыктоо болуп эсептелет

 

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жасаган жосуну үчүн судьяга карата жазык куугунтугун жүргүзүүдѳ соттук актылардын милдеттүүлүк принциби, алардын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кыйшаюсуз аткарылуусу жана алардын мыйзамда каралган атайын процедураларда соттук тартипте гана жокко чыгарылуусу сөзсүз эске алынышы керек. Демек, жогору турган соттук инстанция тарабына жокко чыгарылбаган жана өзгөртүлбөгөн соттук акт сот адилеттигине жатпаган акт катары каралышы мүмкүн эмес.

 

Ошон үчүн, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси боюнча квалицияланган кылмыштын белгилери боюнча судьяга карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун жазык ишти  козгоосу, эгерде судья чыгарган соттук акт жогору турган соттук инстанция тарабынан жокко чыгарылбаса же өзгөртүлбөсө, муну соттук эмес органдын соттук актыга баа берүү мүмкүнчүлүгү катары эсептөө зарыл, ал эми сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишмерликке кийлигишүүгө Конституция тыюу салууда.

 

Тартиптик комиссия судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү процедурасында, Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссия соттук актынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн баалоого, анын ичинде материалдык мыйзам туура колдонулдубу же процесстик эрежелер сакталдыбы деген көз караштан баалоого акысы жок, – мындай текшерүү иши аппелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттордо жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 

Бул тыянак сот адилеттиги жаатында соттон тышкары тартипте соттук актыларды кайра карап чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эл аралык стандарттарга шайкеш келет, алар соттук актыларды ар кандай соттон тышкары баалоо мүмкүн эмес деп болжойт, анткени сот адилеттигинин актыларына мындай мамиле кылуу аларды административдик актылар менен алмаштырууга алып келиши мүмкүн, бул болсо сот бийлигинин өз алдынчалуулук, бийлигинин толуктугу жана өзгөчөлүгүнө зарыл болгон кепилдиктерди берүүдөн баш тартуу болуп саналат

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу                Мамыров Эркинбек Тобокелович

Судья - баяндамачы                                 Айдарбекова Чинара Аскарбековна