(Кыргызча) Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасына Зайнидин Карпекович Курмановдун даттануусун кароо жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

19.06.2018

(Кыргызча)

2017-жылдын 19-апрелинде жаран З.К. Курмановдун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгѳнѳ, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн.

 

Судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 29-майындагы № 27 аныктамасы менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.

 

З.К. Курманов жогоруда аталган аныктама менен макул болбостон, 2018-жылдын 6-июнунда Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 19-июнунда даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырды.

 

Конституциялык палата, ѳз токтомунда арыздануучунун аргументациясы, пикирлери жана тыянактары ѳзгѳчѳ эмгеги үчүн пенсияларды жокко чыгарган Мыйзам күчүнѳ киргенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган адамдарга ѳзгѳчѳ эмгеги үчүн пенсияларды белгилѳѳ жана эсептѳѳ жол-жоболорунун жоктугуна келип такалат деп белгиледи.

 

Ченемдик укуктук актылардын конституциялуулук презумпциясына ылайык, алардын конституциялуу эместиги тууралуу маселени коюу алардын конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү анык жаратуучу укуктук мүнѳздѳгү ишендирерлик жүйѳлѳр болгондо гана мүмкүн.

 

Бирок арыздануучу тарабынан келтирилген жүйѳлѳр, толугу менен талашылып жаткан мыйзамдын конституциялуулугунда күмѳндүүлүктү жаратуучу негиздүү себептерди камтыбайт. Конституцияык сот ѳндүрүшүнүн маңызы тиешелүү укуктук мамилелерди жѳнгѳ салуучу конкреттүү ченемердин конституциялык орнотмолорго ылайык келүүсүн текшерүүдѳ камтылат.

 

Мамлекет алдындагы ѳзгѳчѳ эмгекти таануу жана пенсиянын негизги түрүнѳ болгон кошумча үстѳк катары тиешелүү пенсияны белгилѳѳ же жокко чыгаруу мыйзам чыгаруучунун дискрециясына таандык.

 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамсын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздерди тапкан жок.