(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

08.06.2017

(Кыргызча)

Конституциялык палата 2017-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты, ага ылайык адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда жана ал качууга аракет жасаганда, ал кармалышы мүмкүн.

 

Кабыл алынган чечимге ылайык талашылып жаткан ченем Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн конституциялык-укуктук түшүнүктө Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылды. Ошентип, Чечимдин бул бөлүгүндө баяндоонун мыйзам чыгаруу техникасын колдонулушун эске алуу менен талашалышып жаткан ченемде келтирилген кылмыш жасады деп шектенүү боюнча адамды кармоо үчүн негиздер өз алдынча болуп саналат деп көрсөтүлгөн.

 

«Кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо» деген кармоонун мындай негиздемеси Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка негиздер менен анын байланышта болбогону, ал так жана бир өңчөй аныктамасыз ченем болуп, кеңири каралышына мүмкүнчүлүк берип, Конституцияда кепилденген жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна коркунуч туудурат.

 

Бирок, бул негиздерди Жазык-процесстик кодекстин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка негиздер менен өз ара байланышта колдонулушу «башка маалыматтар» жыйындысында ушул эле берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерге салыштырмалуу адилет сотунун максаттарын жетишүү үчүн андан кем болбогон мааниге ээ болот. Демек, «кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо» сыяктуу мындай жыйындысында жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн  колдонулуучу негиздердин болуусу Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген укуктар менен эркиндиктердин чектөөлөрү максаттарга өлчөмдөш болуп саналат.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу                   Мамыров Эркинбек Тобокелович

 

Судья-баяндамачы                                       Айдарбекова Чинара Аскарбековна