(Кыргызча) Санкт-Петербургда «Глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы Конституция жана конституциялык контролдоонун милдеттери» эл аралык конференция болуп ѳттү

21.05.2018

(Кыргызча)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары М. Касымалиев жана А. Нарынбекова 2018-жылы 15-майда Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган «Глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы Конституция жана конституциялык контролдоонун милдеттери» аттуу темасындагы эл аралык конференциянын ишине катышып келишти.

 

Бул иш-чаранын жүрүшүндө М. Касымалиев «Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда конституциялык контролдоонун ролу» темасында баяндама жасады.

 

Конституциялык палатанын судьялары учурдагы жылдын 15-18-май күндөрү өткөн VIII Петурбургдагы эл аралык юридикалык форумдун ишине да катышып келишти. Ошентип, көрсөтүлгөн иш-чаранын алкагында судьялар Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев 16-майда ачкан пленардык форумга катышты.

 

Мурунку жылдардагыдай эле Петербургдагы эл аралык юридикалык форум ааламдык өзгөрүүлөр шартында укукту модернизациялоо идеяларынын илгерилешине көмөк болду, катышуучуларга кесипкөй юридикалык коом үчүн актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн жаңы форматты сунуштады.