(Кыргызча) Жаран Алтынбек Шайлобекович Сулуевдин кызыкчылыгындагы Медербек Абдыраевич Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 67 аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча

27.02.2018

(Кыргызча)

2017-жылдын 9-ноябрында жаран А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраевдин Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин соттордун өкүмдөрүн, аныктамаларын, токтомдорун кайра кароо маселелерин, көзөмөл даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштер жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан жаңы чечимди кабыл алуу тартибин регламенттеген 376-беренесин, 377-беренесинин 1-бөлүгүн, 383-1-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө карамакаршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы тарабынан 2017-жылдын 18-декабрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылган.

 

А.Ш. Сулуевдин кызыкчылыгындагы М.А. Абдыраев жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон, 2018-жылдын 21-январында даттануу менен Конституциялык палатага кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 27-февралында даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Конституциялык палата өзүнүн токтомунда кайрылуунун мазмунунан жана судьялар коллегиясынын аныктамасына болгон даттануудан келип чыкканда, арыздануучу талашылып жаткан ченемдер бир эл укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес деген конституциялык тыюу салууга карама-каршы келет деп баса белгилейт.

 

Бирок, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин соттордун өкүмдөрүн, аныктамаларын, токтомдорун кайра кароо маселелерин, көзөмөл даттанууларды жана сунуштамаларды киргизүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштер жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан жаңы чечимди кабыл алуу тартибин караган 376-беренеси, 377-беренесинин 1-бөлүгү, 383-1-беренесинин 1-бөлүгү бир эл укук бузгандык үчүн адамды кайра юридикалык жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгүнө жол берген укуктук жоболорду камтыбайт.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүндө талашылып жаткан ченемдер менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн ортосундагы тутумдаш байланышты жана көрсөтүлгөн ченемдердин конституциялуулугунда күмөндүүлүктү тапкан жок.

 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу жана арыздануучунун даттануусун канааттандыруу үчүн негиздер жок деп эсептейт.