(Кыргызча) «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамынын 32-беренесинин 1-,4-,7-бѳлүктѳрүнүн, 35-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 36-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

2013-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамынын  32-беренесинин 1-,4-,7-бѳлүктѳрүнүн, 35-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 36-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ,  56-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайыктуулугун  текшерүү жѳнүндѳ ишти карады.

 

Ишти кароонун себеби  болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү иштер боюнча соттук коллегиясынын  К.А.Абаскановду, О.О.Дребот, Э.Т.Жусуповду, А.С.Исмаиловду, А.В.Култасовду, Т.А.Осмонбековду, М.В.Раскин, Н.С.Сатаевди, М.К.Сооронбаевди, С.Т.Турдалиевди, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Молдобаевдин А.Э.Эркиновду, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Субанкуловдун Аттокур уулу Амантурду, Чуй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Ч.Асанованын, Н.А. Полосухинди Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренесинин 2-бѳлүгү менен каралган кылмыштарды жасаган үчүн күнѳѳлѳрү боюнча  «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамынын 32-беренесинин 1-,4-,7-бѳлүктѳрүнүн, 35-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 36-беренесинин 1-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 56-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайыктуулугун  аныктоо боюнча келип түшкѳн  суроо-талаптар  эсептелди.  

 

Маселенин тарыхы

Кыргыз Республикасынын жарандарынын  конституциялык парзын жана Ата-Мекенин коргоо боюнча милдетин  иш жүзүнө ашыруу максаттарында аскердик милдетти аткаруу, боюнча аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөсүнө тиешелүү болгон маселелер «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматар жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынат.

 

Алсак, көрсөтүлгөн мыйзамдын 1-беренесине ылайык, альтернативдүү кызмат өтөө – бул Кыргыз Республикасынын жарандарына мөөнөттүү аскер кызматынын ордуна, алардын жаш курагын, диний ишенимдерин, үй-бүлөлүк абалын, соттолуусунун бар экендигин же ден соолугунун абалын эске алуу менен бериле турган кызмат өтөөнүн түрү.

 

Андан тышкары, бул аталган мыйзамдын 32-беренесинин 2-, 4-, 7-бөлүктөрүнө ылайык, он сегиз жаштан жыйырма беш жашка чейинки эркек жынысындагы, кызмат өтөөгө чакыруудан кийинкиге калтырууга укугу болбогон же чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон, мөөнөттүү аскер кызмат өтөөдөн өтпөгөн жаран альтернативдүү кызмат өтөөгө чакырылууга тийиш, эгерде ал диний таанымдары куралды колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө жол бербей турган катталган диний уюмдун мүчөсү болуп эсептелсе.

 

Ошону менен бирге, альтернативдүү кызмат өтөө, альтернативдүү кызмат өтөгөндөр тарабынан коргонуу маселелери боюнча иш алып барышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 180 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай мүчөлүк акыны, чакыруу орду боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу салууну караштырат.  Алтьтернативдүү кызмат өтөөгө чакырылган жарандардан келип түшкөн акча каражаттары, окутуу жыйымдарын өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө, аскер кызматчыларынын социалдык корголушун жогорулатууга, аскер кызматчыларын сыйлоолорго жана өкүлчүлүк чыгашаларга жумшалат.

Мында, альтернативдүү кызмат өтөө аяктагандан жана бардык сумма төлөнгөндөн кийин жаран экинчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине тургузулат жана запаска кошулат.

 

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдын 35-беренесинин 1-бөлүгү менен, запаска кошулган адам катары  альтернативдик кызматтан запаска кошуу менен бошотулган адамдар эсептелээри караштырылган.

 

Ошондой эле бул көрсөтүлгөн мыйзамдын 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасы эки категорияга бөлүнөт – биринчи жана экинчи. Биринчи категориядагы запаска бир жылдан кем эмес мөөнөттө аскер кызматын өтөгөн аскерге милдеттүү адамдар киргизилет. Экинчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн адамдар киргизилет. Экинчи категориядагы запаска эсепке тургузулган жана мобилизациялык резервге киргизилген аскерге милдеттүүлөр, алар аскер жыйымдарына катышуудан өтүшкөндөн кийин биринчи категориядагы запаска эсепке которулууга тийиш.

 

Тараптардын позициясы

Судьялардын суроо-талаптарына ылайык , «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдын 32-беренесинин 1-, 4-, 7-бөлүктөрүнүн, 36-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугуна карата шектенүүлөр бар, алар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык келбейт, анткени жарандардын динге ишенүү эркиндигине карата укугун чектешет.

Жоопкер-тараптын пикири боюнча (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши) талашылып  жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт.

 

 Конституциялык палатанын позициясы

Конституциянын 56-беренесине ылайык Ата-Мекенди коргоо жарандардын ыйык парзы жана милдети болуп эсептелет. Конституцияга ылайык жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуу же болбосо аны альтернативдүү (аскерлер катарынан сырткары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзам тарабынан белгиленет.

 

Ошону менен бирге, Ата -Мекенди коргоо жарандардын ыйык парзы жана милдети  болуп эсептелгендиктен, мамлекет аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу, Кылмыш-жаза кодексинде аскер кызматын өтөөдөн качкандыгы үчүн жоопкерчилик бекитилип берилген.

 

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамы жарандык альтернативдүү кызмат өтөөнүн  талаптарына жооп бербейт, анткени коргонуу маселелери боюнча иш алып барышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 180 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай мүчөлүк акыны салууну караштырат. Аскер кызматы катары кесепеттерге ээ болгон альтернативдик кызматтын максаттары жана мүнөзү тынчтыкты жактыруу жана тынчтыкты курууга негизделген диний ишенимдери бар жарандардын ишенимдерине толук эмес өлчөмдө жооп берип турат.

 

Конституциянын 32-беренесине ылайык ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденген. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Мында, Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүндө мыйзам тарабынан, Конституцияда каралгандан жогору даражада жана башка максаттарда укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөр белгилениши мүмкүн эмес деп белгиленген.

 

Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт тарабынан адамдын ынсап жана ишенимдер мотивдери боюнча аскер кызматын өтөөдөн баш тартууга карата укугу таанылган. Бул пакттын 18-беренесине ылайык ар бир адамда ойлоо, абийир жана диний эркиндигине укугу бар. Бул укук өзүнө дилди же ишенимдерди өз тандоосу менен кабыл алуу эркиндигин, өз динин жана ишенимдерин жеке өзү да, башкалар менен бирдикте да, жалпы же өзүмдүк тартипте колдонуу эркиндигин, сыйынуу, диний жана үрп-адаттарды, окууларды жүргүзүү эркиндигин камтыйт.

 Эч ким анын динди жана ишенимди тандоо эркиндигин кемсинткен таңуулоого дуушар болбошу керек.

 

Бул айтылгандарды көңүлгө алып, Конституциялык палата  «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 7-бөлүгү, 35-берененин 1-бөлүгү Конституцияга карама-каршы келет деп чечти.

Ошондой эле Конституциялык палата мыйзам чыгаруучуга, тиешелүү өзгөртүүлөр бул жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга токтоосуз түрдө киргизилиши керек экендигин көрсөттү.

 

 

Процессте төрагалык кылганКАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович

Судья-баяндамачы:                                    ОСМОНОВА Чолпон Омоковна