(Кыргызча) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

(Кыргызча)

2015-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мамлекеттик жана муниципалдык жогорку уюмдарында ректорлордун, проректорлордун, факультеттердин декандарынын, филиалдардын (институттардын) жетекчилеринин кызмат орундары эмгек келишимдерин түзүү мөөнөтүнө карабастан, 65 жаштан ашпаган курактагы адамдар менен алмаштырылаарын караган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугу жѳнүндѳ ишти карап чыгып, бул ченемди, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку окуу жайларындагы факультеттердин декандарына тиешелүү болбогон ченемде Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Өз чечиминде Конституциялык палата, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку уюмдарында ректорлордун, проректорлордун, филиалдардын (институттардын) жетекчилеринин кызмат орундары, алардын ыйгарымдарын эске алуу менен администрациялык кызматтарга кирээрин белгилеп кетти, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги мазмуну башкаруучу, администрациялык кызматтарды аткаруу менен байланышкан. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, мамлекеттин жана муниципалдык билим берүүнүн кызыкчылыгын камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык ЖОЖдордун жетекчилерине жогорку талаптарды коюуга укуктуу, бул өзүнөн-өзү Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт.

 

Аны менен бирге, факультеттин деканынын кызматы администрациялык эмес, илимий-педагогикалык кызматка кирет, анткени декан өз мазмуну боюнча ЖОЖдун жетектөөчү кызматкерлерине салыштырмалуу башка кызматты аткарат. Факультеттин деканы кызмат ордуна  чектөөчү куракты орнотуу менен, мыйзам чыгаруучу аны менен бирге башка илимий-педагогикалык кызматтарга жаш курагы боюнча чектөөнү караган эмес. Буга ылайык, алтымыш беш жаштан ашык жаш курактын өзү эле илимий-педагогикалык ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзө берүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Аны менен, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку окуу жайларынын факультеттеринин декандарынын кызматына жаш курагы боюнча чектөөнү караган ченемдин жоболору тең укуктуулук конституциялык принцибин бузуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацында бекитилген укукту ишке ашыруу учурунда кодулоого алып келет.