(Кыргызча) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бѳлүгүнүн биринчи сүйлѳмүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

2015-жылдын 10-июнунда Конституциялык палата, катары менен төрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого жергиликтүү кеңештин укугун караган «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлѳмүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карады.

 

Конституциялык палатага жарандар Б.К. Осмонбаев, А.М. Осмоналиева, Г.А. Суталинова жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таануу менен жергиликтүү кеңештин сессияларында жүйөөлүү себебсиз дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутатын чакыртып алууну демилгелеген, негиз салуучу элдик бийлигинин конституциялык принциптери бузат деп эсептешет. Кайрылуучу субъектилеринин пикири боюнча, чакыртып алуу укугу тиешелүү администрациялык-аймактык бѳлүнүштѳ жашашкан жалгыз гана анын шайлоочуларына таандык болушу керек.

 

Өз далилдерин ырастоодо, кайрылуучу субъекттери Чүй областынын Сокулук районунун Орок айылдык кеңешинин токтому менен депутат А.К. Джусубалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуусу жѳнүндѳ күбөлөндүргөн жагдайды мисал келтиришкен. Ыйгарым укуктарды токтотуу үчүн формалдык себеп болуп, А.К. Джусубалиева тарабынан Орок айылдык кеңешинин чечимдерин аткарбагандыгы, ал эми укуктук негиз болуп – арыз берүүчүлөр тарабынан талашка түшкѳн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгү себеп болду.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу конституциялык түзүлүштүн негиздеринин бири катары таануу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн укугун жана чыныгы мүмкүнчүлүгүн кепилдейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат (110-берененин 1, 3-бѳлүктѳрү, 111-берене).

Шайлоо аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлчүлүктүү органдары – жергиликтүү кеңештер түзүлөт, алардын ишмердүүлүгү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууда жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү катышуусу камсыздалат («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси).

Жергиликтүү кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук макамынын өкүлчүлүктүү табигаты анын жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгын чагылдыруу боюнча ишин майнаптуу ишке ашыруу жана өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын так аткаруу үчүн жоопкерчилигин болжолдойт. Андай болбогон учурда, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга карабай депутаттык ыйгарым укуктарын формалдуу жана шалаакы аткаруусу эл өкүлдөрүн жоопкерчиликтен бошотмок.

Талашка түшкѳн ченем катары менен төрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого жергиликтүү кеңештин укугу жѳнүндѳ караган.

 

Чакыртып алуу институту – шайлоочу адамдын калктын алдындагы жоопкерчилик таризин берип турган эл бийлигинин ѳзгѳчѳлүк институту, анын мазмуну болуп шайлоочулардын эрки боюнча тандалган шайланган адамдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүндүгү саналат. Депутатты чакыртып алуу шайлоочулардын эрки менен тыгыз байланышкан жана тике демократиянын таризи болуп эсептелет. Эреже катары, депутатты чакыртып алууга негиз болуп, алар шайлаган адам ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарбоосунун натыйжасында шайлоочулардын ишенимин жоготуусу эсептелет. Буга ылайык, чакыртып алууну, анын ичинде аны демилгелөө жол-жобосун ишке ашыруучу субъекттер болуп, жалаң эле шайлоочулар эсептелет. Чакыртып алуу институтунун болушунун өзү эле, депутатты чакыртып алуу шайлоого жакыныраак жол-жоболор менен ишке ашырууну болжолдойт. Ошону менен, элдик көз карандысыздыктын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга болгон жарандардын укугунун конституциялык принциби камсыздалат.

 

Ушундан алып караганда, мыйзам чыгаруучу тарабынан жергиликтүү кеңешке жергиликтүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жѳнүндѳ маселени козгоо укугун берүүсү эл бийлигинин негиз салуучу конституциялык принциптерине каршы келет.

Чечимди кабыл алынганына байланыштуу КР Жогорку Кеңеши Конституциянын талаптарынан жана кабыл алынган чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.