(Кыргызча) Администрациялык жоопкерчилик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин – күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

(Кыргызча)

 

 2015-жылдын 8-апрелинде Конституциялык палата, Администрациялык жоопкерчилик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесине эскертүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча чечим чыгарды.

 

Конституциялык палатага, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемдер Конституцияга карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ жарандар У.Б. Турдубеков жана Д.Д. Бекешовдор кайрылышкан, алар Администрациялык жоопкерчилик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинин 4-бөлүгү менен айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүртѳѳчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүртѳѳчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу үчүн тыюу салынгандыгын белгилешет.

 

Арыз берүүчүлөр, күңүртѳѳгѳ укуктуу болгон жана мындай укукка ээ болбогон адамдарга чек коюп жаткан талаштуу ченем Кыргыз Республикасынын бардык адамдар макамы, ишмердүүлүк жана кесибинин түрүнө карабастан мыйзам алдында теңчилиги белгиленген Конституцияга карама-каршы келет деп эсептешет. Ошондой эле кайрылуучу субъекттери айрым министрлерге күңүртѳѳгѳ уруксат берилип, экинчилерине уруксат берилбеген бул тизмени түзүү принциптеринин түшүнүксүз экендигин көрсөтүштү. Буга байланыштуу арыз берүүчүлөр мындай мамиле ишмердүүлүк түрү боюнча кодулоочу болуп саналат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептешет.

 

Конституциялык палата ѳзүнүн чечиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомдун конституциялык экендиги боюнча талашкан преамбуласында Тизме түзүү чен белги катары «кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттодо) коопсуздукту камсыздоо» зарыл экендигин белгиледи.

 

Аны менен бирге, административдик жоопкерчиликтен укуктук иммунитети бар болгон субъектилердин негизсиз кеңири караган Кыргыз Респуьликасынын Ѳкмѳтүнүн талаштуу токтому, административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамдын милдеттерине дал келишпестигин, жеке жоопкерчилик принциптерине жана жасалган административдик укук бузуулар үчүн жазалоонун болбой койбостугуна дал келишпестигин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ белгиленгендей мыйзамдын алдында бардыгы бирдей конституциялык принцибин бузат.

 

Укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин конституциялык принциптери, мыйзамдын үстөмдүүлүгү жана юридикалык теңчилигинен улам аныкталгандык, ачыктык жана карама-каршы келбегендик талаптарына жооп берүүгө тийиш, ал эми анын аракеттенүү механизми тиешелүү укуктук мамилелердин субъектилерине түшүнүктүү болууга тийиш, анткени конституциялык теңчилик укуктук ченемди бардык укук колдонуучулар менен бирдей түшүнүү жана ой жүгүртүү шарттарында гана камсыздалышы мүмкүн.

 

Ушуга байланыштуу Конституциялык палата, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Администрациялык жоопкерчилик жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын кодексинин 228-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси анын кайсы бир башка мамлекеттик орган тарабынан кеңейтүү мүмкүнчүлүгү берилбеген толук тизмеси аныкталышы керек болгон чен белгилерди бекитүүгө тапшырма берди. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаңы Тизмени бекиткенге чейин эскиси колдонулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген атайын автотранспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгѳ уруксат алуу Тартиби да.

 

 Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Эркинбек Тобокелович Мамыров