30.09.2024 М.М.Ж. жана Т.У.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 267-беренесинин 5-бөлүгүнүн “Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү, мындай чараны көрүү зарылдыгы болбой калганда, прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын, ал эми соттук териштирүүдө судьянын, соттун токтому менен жокко чыгарылат” деген сүйлөм менен көрсөтүлгөн жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө